РКӨФ жана РФтин Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгү: биз экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө кыймылдаткыч күч боло турган жаңы, инновациядк долбоорлорду табабыз

10 Декабрь 2020 г.

Россия менен Кыргызстандын ортосунда экономикалык мамилелерди жана товар жүгүртүүнү жакшыртууга багытталган биргелешкен демилгелерди, долбоорлор менен инструменттерди талкуулоо үчүн РКӨФте Башкармалыктын төрагасы Н. Т. Мамытов менен Россиянын Кыргызстандагы Сода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси В. С. Латыповдун жолугушуусу болду.

«Биз Фондго катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда кызматташууну жана мамилелерди өнүктүрүүнү көздөйбүз. Биз эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруучу ата мекендик ишкерлерди колдоого даярбыз, азыр көп жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду: РКӨФтин россиялык компонентке ээ ишканаларга багытталган атайын продукттары, ошол эле «Россия-Кыргыз ишкердик өнөктөштүгү» продукту жана Росэксимбанктын эсебинен каржылоо, факторинг, лизинг», - деди Нурлан Мамытов.

Өз кезегинде Валерий Латыпов Кыргызстандын экономикасын жаңылоодо, о.э. Фондго катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык кызматташууну тереңдетүүдө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролун жана ордун белгиледи: «Соода өкүлчүлүгү кызматташуу үчүн ачык. Биз кыргызстандык ишкерлер үчүн, Россияда фермердик ассоциациялар үчүн өнөктөштөрдү издөөгө даярбыз. Азыр көп жаңы мүмкүнчүлүктөр: насыялар, Россияда каржылоо, лизинг пайда болду. Сатып алуучуларды каржылоо, Кыргызтанга импорттоочулар үчүн жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар». 

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өнүгүү келечегин жана ишкерлер учурда туш болуп жаткан кыйынчылыктарды талкуулашты. Экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө кыймылдаткыч күч боло турган жаңы, инновациялык долбоорлор менен программалары иштелип чыгып ишке ашырыла тургандыгын тараптар өзүнчө белгилешти. Дагы өзүнчө блгиленген нерсе, аймактарды онүктүрүүгө жана Россия менен Кыргызстандын ортосунда экономикалык кызматташууну тереңдетүүгө кыймылдаткыч күч боло турган кластердик каржылоо программалары ишке ашырылмакчы.

РКӨФ башчысы Нурлан Мамытов: Жакынкы келечекке карата башкы максат - Россия менен Кыргызстандын ортосунда ишмердик байланышты бекемдөө

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жаңы баскычка көтөрүлүүдө. Жаңы жетекчиликтин келиши менен кандай саамалыктар күтүлүп жатканын «Комсомолка» аныктап билди.

РКӨФтин жаңы жетекчиси фондду андан ары өнүктүрүүгө карата өз көз карашы менен бөлүштү.

Үстүдөгү жылы 5 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунда октябрь айында жетекчилик алмашты. Өлкөдөгү саясий окуялардан кийин башкы креслону «Айыл Банктын» Директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Нурлан Мамытов ээледи. «Бардык суроолордо биринчи кезекте өнүгүүнүн максаты менен стратгеиясын так аныктап, андан кийин иштелип чыккан планды рационалдуу жана иреттүү ишке ашыруу керек», - деп ийгиликке жетүүнүн натыйжалуу жолун белгилейт РКӨФ башчысы.

«Комсомолка» мекеменин жетекчисинен болочок долбоорлор, саамалыктар жана 2021-жылга карата пландар жөнүндө сурады.

 

БАШКЫ МИЛДЕТ ЖӨНҮНДӨ …

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун жетектөө сунушу менен бирге Нурлан Мамытовго өкмөт уюмдун ишин активдештирүү жана Россия-Кыргыз экономикалык кызматташтыкка күч берүү боюнча айкын милдет тапшырылган.

- Ойлонууга убакыт анча деле жок болчу. Дароо эле ишке кириштик, - дейт РКӨФ башкармалыгынын жетекчиси.

Мурунку кызмат орундарында жетекчи терең тажрыйбага ээ болгон. Ал негизинен фондддук рынокто иштөөгө байланышып, ал жерде Нурлан Токтобекович ийгиликтүү сооданын рыноктук сырларын брокер катары таанып биле баштаган жана фондалык биржанын Директорлор кеңешинин төрагасына чейинки кызматка жеткен. Кызматындагы кийинки баскыч - «Айыл Банкта» Стратегиялык өнүктүрүү комитети, аны ал алты жыл жетектеген. Андан кийин - «Дастан» улуттар аралык корпорациянын коммерциялык директору. Завод чыгаруучу коргоо өнөр жайынын 90% продукциясы, белгилүү болгондой, Россияга жана алыскы чет өлкөлөргө экспортко кетет. Андыктан тышкы экономикалык келишимдерди түзүү маселеси менен да фонддун башчысы ичинен тааныш.

Бул зарыл негиздердин баары, албетте, башкаруучуга жаңы кызмат ордунда кереги тиет. Тактикалык тажрыйба болсо бар.

…ЖАНА АНЫН ЧЕЧИМДЕРИ ЖӨНҮНДӨ

РКӨФтин эмки жылга карата планында карыздык баалуу кагаздар рыногуна катышуу аркылуу фонддук рынокко стратегиялык инвестор катары өбөлгө кылуу боюнча чоң иш жүргүзүү бар. Мынлай ири өнүктүрүү институтунун пайда болушу болочок инвесторлорду республиканын баалуу кагаздар рыногуна тартышы керек.

- Ишеничтүү рейтингге ээ жаңы эмитенттердин пайда болушуна көмөк кылабыз деген үмүттөбүз. Биз жүргүзүп жаткан иш-чаралар кийин корпоративдик облигациялардын баштапкы жана экинчи рыногун жандандырууга, анын ликвиддүүлүгүн жана сыйымдуулугун жогорулатууга түрткү бериши керек, - деп белгилейт каржы уюмунун башчысы.

РКӨФ азыр активдүү иштеп жаткан экинчи багыт – бул экономиканын артыкчылктуу тармактарына кластердик ыкманы киргизүү. Анын аркасында фонд, биринчиден, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун сапатын жана натыйжалулуугун жогорулатууну, экеничиден, ишкердик үлгүлөрдү каржылоодо өз тобокелчиликтерин кыскартууну пландап жатат.

- Келип түшүп жаткан кайрылуулардын сапаты дайыма эле биздин талаптарга жооп бербейт, - дейт Нурлан Токтобекович. – Андыктан өз болочок кардарларыбыздын ишин жеңилдетүү үчүн, фонд азырынча төрт: сүт, эт, форель жана жашылча-жемиш багыты боюнча кластердик өнүктүрүү программасын иштеп чыгып киргизди.

Схемасы мындай. Алгач аналитикалык департамент рынокту терең изилдейт. Эгер бул сүт кластери болсо, анда адистер бодо малдын башын жана сүт комбинаттарынын санын – канчасы бар жана дагы канчасын фонд каржылоого даяр экендигин эсептеп чыгат. Экспорттук мүмкүнчүлүгү, рыноктун көлөмү жана талап кылынчу чийки зат көлөмү бааланат. Бул маалыматтардын негизинде чакан, орто жана ири ишкердиктин үч үлгүсү иштелип чыгат. Андан кийин фермерлер кайсынысын ишке ашырууга кудурети жете турганын өзүлөрү чечет.

Жаңы тармактын багыттар боюнча азык-түлүктү кластерди кеңейтүү жагынан алдыда турган жылга карата фонддун планы өтө чоң. Артыкчылык орунда асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү турат. Азырынча бодо малдын саны жагынан республика совет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн ашат, ал эми берилип жаткан чийки заттын көлөмү жана сапаты боюнча бир топ «аксап» турат. Уяң жүндүү кой чарбасын кайра жандандыруу боюнча экспортто багытталган долбоор даярдалууда. Союз жоюлгандан кийин республикада өндүрүлчү жүндүн көлөмү 5-6 эсе кыскарган. Аны кайра жогорулатуу керек. Дагы бир келечектүү кластердик долбоор – Балыкчыда эт комбинатын куруу.

2021-жылдын иш планына киргизилген башка сунуштардын катарында гидроэнергетиканы өнүктүрүү бар. Башка ири долбоорлордун ичининен ири лизингдик компания түзүүнү атоого болот, аны ишке киргизүү өлкөдө өндүрүштүн өсүшүнө түрткү берет.

БАСЫМ – РОССИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУ КЕҢЕЙТҮҮ

- Нурлан Токтобекович, сиздердин негизги өнөктөш Россия менен азыр мамилеңиздер кандай? Республиканын жетекчилиги алмашканы кызматташууга таасир кылган жокпу?

- Россия тарап бул процесске тынчсыздануу менен байкоо салды, бирок болуп жаткан нерселер фонддун ишине эч таасир кылбастыгына биз ишендирдик. РКӨФ эл аралык уюм статусуна ээ. Андан тышкары, фонддун корпоративдик башкаруусу РКӨФке катышкан өзүнчө өлкөдө болуп жаткан саясий же эч бир башка окуялар уюмдун туруктуулугуна таасир кылбагыдай түзүлгөнүн эске алуу зарыл. Фонддун башкаруу органдарында да, Башкармалыгында да, Директорлор кеңешинде да Россия жана кыргыз тараптан өкүлдөрдүн тең салмактуулугу анын туруктуулугунун жана миссиясын, максаттары менен милдеттерин аткаруусунун кепили болот.

- Стратегиялык башкы өнөктөш менен экономикалык өз ара мамилелерди мындан ары кандайча өнүктүрөсүңөр?

- Фонд биргелешкен, тең салмакташылган жана айкындык негизде башкарылышынын негизинде РКӨФтин ишинде россиялык-кыргыз кызматаштыгын өнүктүрүү негизги жана үзгүлтүксүз процесс. Россиянын «Внешэкономбанкы» жана Федералдык долбоордук каржылоо борбору менен кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлган, «Росэксимбанк» менен алкактык насыялык келишим түзүлгөн. Регулярно проводится обмен информациейс Фонддун түз жана долбоорлук каржылоосунун алкагында ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон россиялык жабдуу, товар жана кызматтарды сатуучулар жөнүндө Россиянын экспорттук борбору менен үзгүлтүксүз маалымат алмашылып турат.

Жакынкы пландардын ичинде Россиянын соода-өнөр жай палатасы менен кызматташууну жандандыруу бар. Андан тышкары, россиялык-кыргыз ишмердик байланыштарды кеңейтүү үчүн фонд ишкерлерге насыялык эки продуктту сунуш кылат. Биринчиси – бул кыргыз-россиялык ишкер өнөктөштүгү. Аны каржылоонунун башкы багыттарынын ичинде – респубилканын артыкчылыктуу экономика багыттарында негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо. Экинчи насыялык продукт – россиялык экспорттоочу менен кыргызстандык сатып алуучунун ортосунда түзүлгөн товар сатуу жана кызмат көрсөтүү боюнча экспорттук келишим боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн россиялык компоненти бар долбоорлорду «Росэксимбанктын» эсебинен каржылоо.

Кыскасы, жакынкы келечекке карата башкы милдет – аталган насыялык продукттар боюнча каржылоону толук масштабдуу ишке киргизүү жана чегин кеңейтүү. Бул, албетте, биздин ынтымакташ мамлекеттердин ортомунда ишмердик байланыштарды бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

- Жактырылган биргелешкен долбоорлор барбы?

- «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишкана үчүн универсалдуу жарым вагондорду сатып алууга тендер даярдалып жатат. Бул долбоордо сатуучу россиялык өндүрүүчү болот.

ЕАЭБге МҮЧӨЛҮКТҮН ОҢ ЖАНА ТЕРС ЖАКТАРЫ

- Быйыл фонд өзүнүн беш жылдыгын белгиледи. Бул каржы мекемесинин ишин кандай баалайсыз?

- Мындай ири оюнчунун пайда болушу Кыргызстандын каржы рыногунда чоң жышаан болду. Алгачкы баскычтарда фонд эки маселени ческен. Биринчиси – экономикага салыштырмалуу «арзан» ресурстарды берүү менен ишкерлерге өбөлгө түзүү жана аларды колдоо, чыгымдарын кыскартуу. Ошону менен бирге суроо-талап менен сунуштардын тең салмактуулугун кескин бузбоо жана коммерцияляк банктарга зыян келтирбөө милдети турган.

Экинчи миссия – узун ресурстарды сунуш кылуу аркылуу экономиканы өнүктүрүүнү колдоо, буга өлкө, узун акчанын “жоктугун” айтпаганда, эгемендүүлүк алгандан бери муктаж болуп келген. Бул милдет бир топ татаал. Эң мыкты дегенде мамлекет өнүктүрүү артыкчылыктарын аныктап жана түйүндүү көйгөйлөрдү конкреттештирип, аларды чечүүгө ресурстарды топтой турган тутумду түзүш керек эле. Фонд өз кезегинде инвестициялык долбоорлордун негиздүүлүгүн жана ишке ашарлыгын, алардын экономиканы өнүктүрүү милдеттерине туура келе турганын баалайт жана андай долбоорлорду каржылык жактан колдойт. Менин пикиримде, бул милдеттерди РКӨФ аткара алып жатат. Бүгүн Фонд – күчтүү жана туруктуу өнүктүрүү институту.

- Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2015-жылы ата мекендик экономиканы “кайра бычып”, ЕАЭБге кирүү процесстерин жеңилдетүү жана тез ылайыкташуу үчүн түзүлгөн. Бул максат ишке аштыбы? Кыргызстан бүгүн өзүн ЕАЭБдин толук укуктуу катышуучусумун деп атай алабы?

- Максаттын кайсы бир бөлүгү жетишилди. Экономикалык бирикмеге кирүү үчүн, биринчи кезекте, басымдуу бөлүгүн соода жана кызмат көрсөтүү тармагы ээлеген ата мекендик экономиканын түзүмүн өзгөртүү талап кылынган. Өндүрүштү өнүктүрүү керек эле. Фонд ишкерлердин ой жүгүртүүсүн өзгөртө алды. Көпчүлүгү тез аракеттер болуп эсептелген соода-сатык, кайра экспорттоо тутумунан четтеди. Республикада канттын импортун алмаштыруу жана анын өндүрүшүн өстүрүү боюнча ийгиликтүү кейсти мисал келтирсе болот. РКӨФтин колдоосунун аркасында бүгүн жаңыланган ата мекендик «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» заводдору 100 миң тоннага чейинки продукцияны өндүрүп, ал өлкөнүн муктаждыгын толук канааттандырат. Жаңы технологияны өздөштүргөн 3,5 миңге жакын фермердик чарба кант кызылчасын өстүрүү менен алек. Андан тышкары, 60 минден ашык ишкер тиги же бул жагынан өндүрүш процессине тартылган. Ар бир кластердик багытта ушундай эле көрсөткүчтөр болсо дейбиз…

Жаңылангандан кийин «Кайыңды-Кант» заводу 2017-жылдын сентябрынан тарта Кемин, Иванов жана Чүй-Токмок кызылча алуучу жайларда кант кызылчасын кабыл ала баштады.

Ылайыкташуу жөнүндө айтсак, ал, менин оюмча, жетиштүү болгон жок. Экономикага катышуучу бардык өлкөлөр ресурстарга жетүү боюнча биирдей мүмкүнчүлүк алды, бирок Кыргызстан колдо бар артыкчылыктарды жетишерлик активдүү колдонбой келет. Экономиканы мындан жандуу өнүктүрүүгө бюрократиялык бөгөттөр тоскоол болууда. Ишкерлер чек ара аркылуу жүк алып өтүүдөгү тоскоолдуктарга даттанууда. Бул жагынан ЕАЭБдеги биздин өкүлдөр дагы чоң иштерди аткарышы керек. Конструктивд диалогдун аркасы менен бардык маселени чечүүгө болот деп ишенем.

БАРДЫК НЕРСЕДЕ АКЫЛГА СЫЯРЛЫК ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК КЕРЕК

- Фонд ачык эмес, анын насыя берүү процедурасы татаал деп деп доомат койгон мезгил болгон. Бүгүн РКӨФтин ишинде кайсы кемчиликтерди четтетүү керек?

- Бул эки жактуу маселе. Ири каржы мекемеси катары Фонд мөөнөттүүлүк, төлөмдүүлүк жана кайтарымдык принциптерин карманып, биринчи кезекте долбоордун экономикалык максатка ылайыктуулугуна жана иштеп кетүү жөндөмдүүлүгүнө көңүл бурат. Андыктан келип түшкөн кайрылуулардын сапатына карата суроолор жаралган учурлар болот. Фонддун кардары боло тургандар ишкердик план барып эле акча алуу үчүн керек эместигин түшүнүш керек. Бул биринчи кезекте алардын өзүнө керек. Бул алардын таяна турган стратегиялык планы.

Экинчи жагынан, насыя берүү процедуралары чын эле татаал. Баарынан мурда насыя алуу үчүн арыздарды кароо процедурасын жакшыртуу керек. Мунун үстүндө азыр иштеп жатабыз, албетте, өз тобокелчиликтер да эске алынууда. Бардык нерседе акылга сыярлык тең салмактуулук керек.

- Коронавирус пандемиясы Фонддун ишине кандай таасир кылды?

- Быйыл биз насыя берүү боюнча өз пландарыбызды оңдоштурууга аргасыз болдук – толук эмес каржылоо болжол менен төрттөн бирин түзөт. Экономикалык активдүүлүк чек аралардын жабылышынан, карантин киргизилип жана ишкердиктин токтошунан кескин төмөндөдү. Азыркыга чейин көпчүлүк долбоорлор ишке кире элек. Жада калса, айрым объектилерде жабдуулар сатып алынган, бирок ишке киргизүү кийинкиге калып жатат, себеби жабдууну жөндөөчүлөр аларды орнотуш үчүн чет өлкөдөн учуп келе албай жатат. Саясат жагы да бар. Инвесторлор менен бизнес коомдук-саясий абалдын чечилишин күтүп туруп калышты. Эмки жылы Кыргызстан пандемияны жеңип, ал эми өлкөдө пландалган саясий окуялар тынч өтөт деген үмүттөбүз.

САНДАР

Республиканын банк тутумунун жалпы активинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун үлүшү 16,1%. РКӨФ берүүчү каржылоонун көлөмү банкт тутумунун насыялык портфелинин 10% туруктуу ээлейт.

2015-жылдан тартып Фонд (2020-жылдын 1-ноябрына карата) 2 798 долбоорду 417 млн долларга каржылады. Түз каржылоо боюнча жактырылган долбоорлорго жалпы суммасы $229,4 млн болгон 74 ири долбоор кирет. «Чакан жана орто ишкердик субъектилерин насыялоо» программасы боюнча Кыргызстандын коммерциялык банктары менен микрокаржы уюмдары аркылуу Фонд жалпы суммасы $187,6 млн 2 734 долбоорду колдоп берди.