РОССИЯНЫН КАРЖЫ МИНИСТРИНИН МУРДАГЫ ОРУН БАСАРЫ СЕРГЕЙ СТОРЧАК: РКӨФ ӨЗҮНӨ ЖҮКТӨЛГӨН МИССИЯНЫ ТОЛУК АКТАП ЖАТАТ

13 Август 2020 г.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин төрагасы эл аралык каржы уюмунун ийгиликтери жана келечеги жөнүндө «Комсомолкага» айтып берди.

https://www.kp.kg/daily/27109.4/4269338/

ТОЛУК КАНДУУ ӨНҮКТҮРҮҮ ИНСТИТУТУ

— Сергей Анатольевич, сиз РКӨФти түзүүнүн башатында тургансыз, көп жылы Фонддун кеңешин жетектедиңиз, жана анын өткөн жылдагы ишин сизден мыкты эч ким баалай албаса керек. Ошондуктан биз фонддун беш жылдыгына карата сиз менен маек курууну чечтик.

 

— Туура айтасыз. Фонд түзүлөр алдында бир топ татаал сүйлөшүүлөр болуп, аларга мен да катышкам. РКӨФ түзүү жөнүндө саясий чечим кабыл алынганына карабай, макулдашууларды практикалык жактан толуктоо жөнүндө президенттердин талкуулары өтө жыш жана курч болду. Айрыкча бул фонд «акча чогулткуч» (a Fund) же юридикалык тарап — эл аралык уюм (a Fundation) болушу керектиги жөнүндө чечим кабыл алууга байланыштуу болду. Жеке мен биринчи вариантын колдогом (бул мага аны түзүүгө акчаны да, убакытты да үнөмдөчүдөй сезилган). Өнөктөштөр экинчисине гана макул болушуп, ошону талап кылышты. Ошону менен катар фонддун карамагына акысыз негизде жай берүү убадасы убада бойдон эле калды. Белгилүү болгондой, РКӨФ бардык зарыл аянттарды ижарага алып пайдаланат.

— Кандай дейсиз, Фонддун иши эки өлкөнүн өкмөттөрү түзүп жатканда ага ыйгарган миссияга канчалык туура келет?

— Бул жерде эч күмөн болбошу керек: Фонд өзүнө жүктөлгөн миссияны толук актап келет. Муну ырастаган — 61 ири инвестициялык долбоор, ар бири бир нече миллион доллар турат, жана Кыргызстандын өнөктөш коммерциялык банктары аркылуу РКӨФ тарабынан жеңилдетилген шартта каржыланган 2 600 чакан жана орто ишкердик долбоор. Биринчи кезекте кеп рыноктогундан кыйла төмөн үстөк пайыз ченеми жөнүндө болуп жатканын белгилей кетейин. Фонд каржылык жактан туруктуу, толук кандуу өнүгүү институтуна айланды. Фонддун төлөнгөн капиталы республиканын бүтүндөй банк тутумунун жалпы акционердик капиталына барабар. Фон тарабынан алынып жаткан кирешенин аз гана бөлүгү анын аппаратын кармоого жумшалат. Андай суммадан ашыктын баары инвестицилык долбоорлорду каржылоого жумшалат. Түзүүчү акционерлерге дивиденд төлөө каралган эмес.

«РКӨФ — УЗАК УБАКЫТ ЖЕ, МҮМКҮН, ДАЙЫМА БОЛОТ»

— Фонд эки өлкөнүн кызыкчыктарын айкаштыруу максатында түзүлгөнүн эске алганда РКӨФтө чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору кандай?

 

— Фондду түзүүчүлөрдүн кызыкчылыктары анын юридикалык формасынын эсебинен да, колдонулчу башкаруу тутумунун эсебинен да камсыз кылынат. РКӨФ — БУУда талаптагыдай катталган эл аралык уюм. Анан калса, анын аткарган ишерин карасак, кайсы бир деңгээлде бул көп тараптуу өнүктүрүү банкы. Бирок, башка өзүнө окшогондордон айырмаланып, Фонддун уставдык капиталы бир гана түзүүчү — Россия Федерациясы тарабынан толук төлөнгөн. Эми бардык каражат — фонддун менчиги, аны тараптар кайра кайтарып алууга же өз каалоосу менен сарптоого укугу да, ыйгарымы да жок.

РКӨФ каражаттарын фонддун милдеттерин бөлүштүрүү алкагында стратегиялык, башкаруучулук, бюджеттик, долбоорлук, кадрлык жана башка маселелерди чече турган Кеңеш менен Башкармалык башкарат. Өз ишинин эң башынан тартып Кеңеш республиканын бийлиги иштеп чыгып аткарып жаткан мамлекеттик программаларды Фонддун эсебинен каржылоо чакырыктарына этияттык менен караган. РКӨФкө эл аралык өз алдынча каржы уюму катары мамилени сактоо өтө маанилүү деп эсептейм. Ошол эле учурда РКӨФтин Кеңешинин да, Башкармалыгынын да курамына Россия жана Кыргызстан өкмөттөрүнүн ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн кириши маанилүү, жана алардын иши, менин көз карашымда, түзүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмагын камсыз кылат.

Биз башка чечимдер менен катар акча каражатын берүү жөнүндө чечим кабыл алууга негиз боло турган көп сандагы ички документтерди («саясаттар» деп аталчу) өз ара шайкештетүү менен чоң иш жасадык. Көп талаштар болгон. Бирок биз кеңешебиз, бири бирибизге кулак салып угабыз. Фонддун ресурсун колдонуунун башка жолу жок, антпесе, ал өнүктүрүү институту катары калыптанмак эмес. Андыктан мен үчүн, жылмалап айтканда, Башкармалыктын төрагасынын отчеттору парламентте же өкмөттүн кайсы бир иш-чараларында айрым фракциялардынын отурумунда угулгандыгы жөнүндө ЖМК маалыматтары таң каларлык көрүнөт. Биз Фонддо иштөөчүлөр менен кызмат адамдары өз ишинде РКӨФтин кызыкчылыктарын гана жетекчиликке алат деп эң башында эле макулдашканбыз да. Аны түзүү жөнүндө макулдашуунун тараптары Фонд өзүнө жүктөлгөн миссиясын аткарышына өбөлгө кылат, бирок анын оперативдүү (операциялык) иштерине кийлигишпейт.

— Кыргыз-Россия мамлекеттер аралык мамилелерде Фонддун ролун кандай деп аныктайт элеңиз?

— Мындай кызматташуунун чектерине тийиштүү бааны биздин өлкөлөрдүн лидерлери гана бере алат десем жаңылышпайм. Өзүм болсо калыптанып жаткан рыноктордун экономикасы катары Кыргызстан үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду — уникалдуу инструмент экендигин айта алам. Республиканын экономикасына келип жаткан каражаттар эгемендүү насыя алуучу катары Кыргызстанга карыз жүгүн артпайт. Бул каражаты дайыма жетишсиз жана дайыма түгөнө турган гуманитардык жардам да эмес. РКӨФ — бул көпкө чейин же, мүмкүн — мен муну абдан каалайт элем — дайыма боло турган нерсе. Анын милдети — Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө, анын ичинде анын түзүмүн диверсификациялоонун жана ЕАЭБге интеграциялануу процессин тездетүүнүн эсебинен өнүгүшүнө ар тараптуу көмөк кылуу. Жакынкы аналогу — алты өлкө мүчө болгон Евразия өнүктүрүү банкы. Бирок Фонд — бул жалгыз Кыргызстан үчүн өзүнчө «өнүктүрүү банкы».

НАСЫЯЛЫК ЖАНА ВАЛЮТАЛЫК КООПЧУЛУКТАР

— Фонддун Кыргызстандагы ишинде кандай коопчулуктарды бөлүп белгилейт элеңиз?

— Улуттук коммерциялык банк болобу же көп тараптуу өнүктүрүү банкыбы, бардык эле каржы институтуттары сыяктуу Фонд биринчи кезекте түрдүү себептердин негизинде боло турган насыялык коопчулуктарды натыйжалуу башкара билиши зарыл. Мында инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуудагы кемчиликер да, айрым насыя алуучулардын ак ниетсиз аракеттери да, сырткы конъюктуранын кескин, көп учурда күтүүсүз өзгөрүүлөрү да бар. Мисалы, шекердин дүйнөлүк баасы түшүп кетиши Фонддун кардары — Кыргызстандын кант заводдорунун кирешесине терс таасирин тийгизди. Биздин насыя алуучуларга чек аралар аралык ташуулардагы үзгүлтүктөр олуттуу таасир кылат, бул болсо, тилекке каршы, көп болот.

 

Кыргыз сомунун наркы АКШ долларына карата түшүү мүмкүндүгүнө байланышкан валюталык коопчулук да бар. Башкармалык фонддун активдеринин негизги бөлүгү, анын ичинде насыялык портфель америкалык валютада деноминацияланып, ал эми Фонд каржылоочу долбоорлор, эреже катары, кирешени сом түрүндө алып келе тургандыгына өзгөчө көңүл бурууга аргасыз. Үстүдөгү жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын валюталык рыногундагы абал көрсөткөндөй, окуянын мындай өрчүшү жөн гана боло турган эмес, ал чындап болгон иш. «Сом — доллар» катнашында курстун улам өзгөрүп турушу Фонддун насыя алуучулары, демек, фонддун өзү үчүн да кыйла сезилерлик болду. Жакынкы мезгилде валюталык коопчулукту башкарууга байланышкан көйгөйлөр санитардык-карантиндик ж. б. инфекцияга каршы профилактикалык чаралардан келип чыккан макроэкономикалык абалдын начарлашына байланыштуу курчуп гана отура тургандыгы айкын.

 

Жогоруда аталган коопчулуктарды башкаруу ар бир көйгөйлүү жана көйгөй алдында турган долбоорду алдын ала так болжоону, байкоо жүргүзүүнү жана башкарууну, насыялар боюнча мүмкүн болуучу жоготууларды жабууга жетиштүү резервди түзүүнү, фонд тарабынан кошумча каржы бөлүү менен катар «тез чара көрүүнүн» дагы башка адекваттуу жол-жоболорун иштеп чыгууну талап кылат.

Азыркыга чейин бул маселелерди чечүү Фонддун колунан келип жатат. Муну, мисалы, анын түз каржылоо боюнча портфелинде «көйгөйлүү насыялар» деңгээли күбөлөйт. Бул көрсөткүч 10 пайыздан ашпайт, ал дүйнөлүк ченем боюнча, айрыкча азыркы абалда толук татыктуу көрүнүш. Анан калса, Фонд Кыргызстанда иштөөчү эл аралык өнүктүрүү институттарынын ичинен өз кардарларына атайын колдоо чараларынын «кризиске каршы пакетин» сунуштады. Аларда, мисалы, негизги карыз жана пайыздар боюнча төлөмдөрдү дифференциялык түрдө кийинкиге жылдыруу каралган. Кандай болсо да, бул чаралар насыя портфелинин 197 млн долларына тиешелүү жана Фонд үчүн 2020-жылы гана 17,6 $ млн турат.

«ФОНД — КАЙРЫМДУУЛУК УЮМУ ЭМЕС»

— Сергей Анатольевич, республиканын ЖМКларында Фонддун кайсы бир «убактылуу бош каржаттары» жөнүндө айтылат. Ал каражаттарды республикага «кайтарып берүү» жөнүндө Кыргызстанда мезгил-мезгили менен пайда болуучу чакырыктарга эмне айта аласыз?

— «Убактылуу бош каражаттар» — бул банк ишиндеги гана кесиптик термин. Анын жардамы менен каржы институтунун капиталын жана резервин тузүүчү каражаттар насыялоо үчүн колдонулбастан, «казыналык портфелде» жаткан, б. а. белгилүү убакытка банктын депозитине жайгаштыруу жолу менен же балуу кагаздарды ж. б. ликвиддүү жана жогорку деңгээлде ишеничтүү каржы инструменттерин сатып алуу жолу менен башкарылчу жагдай сүрөттөлөт. «Убактылуу бош каражаттарды» башкаруу максаты — капиталды инфляциянын айынан наркы кетишинен коргоо, сөзсүз ликвиддүүлүгүн сактоо менен белгилүү бир кирешелүүлүгүн камсыз кылуу, б. а. ал каражаттарды каржы рыногунан шашылыш алып чыгып жана аларды экономиканын анык секторундагы долбоорлорду каржылоого багыттоо мүмкүндүгүн камсыз кылуу.

РКӨФте иш дал ушундай абалда. «Убактылуу бош каражаттарды» жайгаштыруудан алынган киреше Фонддун кошумча ресурстук базасын түзөт. Ошонун аркасында РКӨФ насыялвр боюнча өзүнүн үстөк пайыздык ченин рыноктогудан төмөн деңгээлде сактап турат.

Дагы бир жолу белгилейин, «убактылуу бош каражаттар» — 2015-жылы КРдин Улуттук банкындагы Фонддун эсебине 500 $ млн келип түшкөндөгү Россия тарабынан калыптандырылган капиталынын бир бөлүгү. Россия Фонддон эч нерсе алган эмес, андыктан ал Фондго же Кыргызстанга бир нерсе карыз деп айтуу калыстык эмес.

— Айрым учурда бул жерде, Кыргызстанда Фонд кыйла элитардык, чакан жана орто ишкердик андан колдоо алышы мүмкүн эмес деген сөздөр айтылат. Мындай сөздөргө кандай дейсиз?

— Чакан жана орто ишкердиктен баштайын. Өлкөнүн экономикасынын аталган секторуна багытталып жаткан Фонддун каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын коммерциялык банктары аркылуу 2 600 долбоор жалпы суммасы 183 млн долларга (болгондо да, жеңилдетилген шартта) каржыланган. Бул РКӨФтин жалпы насыялык портфелинин болжол менен жарымын түзөт. Акыркы беш жылда чакан жана орто ишкердиктин өнүгүшү үчүн мындан көп иш жасаган республиканын каржы институтун атаңызчы?

«Элитардык» жөнүндө айтсак, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду — кайрымдуулук уюму эместигин эске алуу керек. Анын ишинин эң начар варианты — акча баарына жана ар бирине жеткиликтүү болот деген үмүттө бүтүндөй насыя рыногуна «жалатып» берилгендегиси. Фонддун каражаттары — бул эң маанилүү — сапаты насыялык уюм үчүн ылайык болуп эсептелген инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга арналган (англис тилинен «bankable»). Каржылоо Башкармалык койгон шарттарда берилет, ал шарттар бардык насыя алуучулар үчүн бирдей жана белгилүү. Алар Фонддун веб-сайтында жарыяланган.

— РКӨФтин келечегин кандай баалайсыз?

— Фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн жүргүзүп жаткан алдыңкы каржы институт катары өз орун сактап каларына чын дилимден үмүт кылам. О.э. РКӨФ өзүнүн каржылык туруктуулугун сактап калышы да маанилүү, бул азыркы 2020-жылда өтө чечүүчү фактор болушу ыктымал. Республиканын экономикалык төмөндөшүнүн анык өлчөмүн, анын социалдык жана каржылык кесепеттерин, насыялык портфелге таасирин баалоо алдыда турат. Биз кеп кылган коопчулуктарды да баалап, резервдерди аягына чейин калыптандырып, Фонддун өзүнүн туруктуу өнүгүшүнүн каржылык үлгүсүн да даярдоо керек болот.

Менимче, жакынкы убакта жаңы долбоорлорду жактырып жана каржылоодо консервативдүү көз караштан оолак болуу акылга ылайык болмок. Түрдүү популисттик чакырктарга, анын ичинде Фонддун каражатынын кайсы бир бөлүгүн «алып коюу» чакырыгына каршы туруу оңой болбосу айкын экендигине карабастан, «Улуу карантин» жана анын кесепеттери факторун эске албай коюуга болбойт. Башкармалык бул кыйынчылыктарды Кеңештин колдоосу менен жеңип, РКӨФти алдыга карай өрчүү нугунда кармап кала ала турганына ишенем.