РКӨФ Башкармалыгынын төрагасынын орун басары О.А. Кудяковдун жетекчилиги астындагы командасы «Фонддук рыноктун табышмактары» Quiz Night оюнунда жеңип чыкты

1 Апрель 2021 г.

 

«СЕНТИ» ФК өз туулган күнүнүн урматына «Фонддук рыноктун табышмактары» Quiz Night интеллектуалдык оюнун уюштурду. Оюндун максаты Кыргызстанда фонддук рынокту алдыга жылдыруу жана каржылык сабаттуулукту жогорулатуу болду.

Оюндун жүрүшүндө командалар логикалык, эрудициялык, билим-таанымына багытталган 15 суроого жооп беришти. Ар бир суроо боюнча ойлонууга катышуучуларга 2 мүнөттүк убакыт берилди. Баарынан көп суроого туура жооп берген команда жеңүүчү болот. Оюндун жүрүшүндө интернет, мобилдик телефон ж.б. жооп берүүгө жардам кыла ала турган гаджеттерди пайдаланууга тыюу салынган. Катышуучулар өз билимдерине гана таянышы керек эле.

Биз РКӨФ командасынын жеңиши менен сыймыктанабыз! Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жан иш билгилигиңиздер иш процесстери менне негизги иш-аракет алкагында гана эмес, күндөлүк турмушта да бардык нерселерден көрүнөт. Сиздерге андан аркы ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!