Биз аймактарда РКӨФ каржылоосунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуудабыз!

28 Январь 2021 г.

Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана аймактарда РКӨФтин жеңилдетилген каржылоосу жеткиликтүү болушун жогорулатууга багытталган иштерди аткаруунун алкагында Фонд Аймактык кеңеш берүүчү борборлордун ишин кайра карап чыкты. Эми Аймактык кеңешчилер РКӨФтин кесипкөй командасынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана Фонддон түздөн-түз жана коммерциялык банктар аркылуу каржы алуу үчүн кеңеш жагынан жардам толук кандуу жардам бере алышат, ишкердик планын даярдоодо, долбоордун техникалык-экономикалык негизин иштеп чыгууда көмөк кыла алышат.

2021-жылдын 26 – 28-январь күндөрү аймактык кеңешчилерди кардарлар жана болочок насыя алуучулар менен иштөөгө даярдоо үчүн интенсивдүү тренингдер өттү. Аларга Ош, Баткен, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад областыларынан 6 аймактык кеңешчи катышты. Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар тесттен өтүп, РКӨФ боюнча алардын билимдери аныкталды. Тесттин жыйынтыгы боюнча кеңешчилер аймактарда Фонддун атынан кеңеш берүү боюнча кызмат көрсөтүү укугун ырастай турган сертификат алышты.

Окуудан ийгиликтүү өтүшү менен кеңешчилерди куттуктап жатып, РКӨФ Башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков: «Аймактарда ишкердик аракеттерин колдоо – Фонддун артыкчылык орундагы иштеринин бири. Ясиздердин башкы иш-аракет максатыңыздар болуп өлкөнүн бардык аймактарында калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана РКӨФ продуктыларынын жеткиликтүүлүгүн көтөрүү эсептелет. Сиздердин иш кызыктуу жана өлкө үчүн маанилүү болгон, иш орундарын түзө турган жаңы долбоорлорду ишке ашыруу түрүндө жакынкы арадагы натыйжаларды алып келет турганына биз ишенебиз!» деп белгиледи.