Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду жана «Кыргыз Фонддук Биржа» (КФБ) жак өлкөнүн фонддук рыногун өнүктүрүү келечеги жөнүндө маселелер боюнча жумушчу жолугушуусун өткөрүштү

21 Январь 2021 г.

Жолугушуунун алкагында тараптар кызматташуунун жакынкы пландары менен келечегин талкуулашты, РКӨФ корпоративдик облигациялар рыногунда инвестор катары катышууга кызыга тургандыгы, о. э. корпоративдик башкаруунун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүдө жана фонддук рынок инструменттерин пайдаланууда анын өнөктөштөрү менен кардарларына жардам көрсөтүү ниети айтылган.

«Биз стратегиялык инвестор катары баалуу кагаздар рыногуна катышуу аркылуу фонддук рыноктун ишине түрткү берүү боюнча чоң иштерди аткарууну пландап жатабыз. Фонд ишеничтүү рейтинги бар улуттук компаинялар менен жаңы эмитенттерге алгылыктуу колдоо көрсөтөт деп ишенебиз», — деп белгиледи РКӨФ Башкармалыгынын төрагасы Нурлан Мамытов.

Өз кезегинде Фонддук биржанын өкүлдөрү РКӨФтин институциялык инвестор катары катышуусу өлкөнүн фонддук рыногуна жаңы түрткү бере тургандыгын белгилеп, о. э. катышуучуларга рыноктун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жакынкы пландары жөнүндө билдиришти.

Тараптар фонддук рыноктун учурдагы мүмкүнчүлүтөрү туурасында маалымат берип, ошону менен компаниялардын листингден өтүүгө жана фонддук рыноктун инструменттерин колдонууга кызыгуусун жогорулатуу максатында ишкер коомчулугу менен биргелешкен жолугушууларды уюштуруу жөнүндө макулдашышты.