"Агроөнөр Жай Комплексин Өнүктүрүү Ассоциациясы" ЮТБ уяң жүндүү кой чарбалыгы боюнча жол картасын даярдоого киришип жатат

18 Январь 2021 г.

РКӨФ аймактарды өнүктүрүүнүн кластердик жолун алдыга жылдыруунун алкагында уяң жүндүү кыргыз коюнун абалкы атагын кайра калыбына келтирүү иштерине, атап айтканда, тармакты өнктүрүү боюнча жол картасын даярдоого киришти. Катуу сынактын натыйжасы боюнча аталган сектордогу азыркы абалды талдап жана ата мекендик, дүйнөлүк тажрыйбаны жергиликтүү шарттарга ылайыктап колдонуу менен, аны өнүктүрүү үчүн жол картасын иштеп чыгууга " Агроөңөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы" ЖТБ тандап алынган.


Эскерте кетсек, СССР мезгилинде кыргыз меринос жүнүнөн өндүрүлгөн буюмдар дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө атагы чыккан эле. Бийик тоолуу жайыт шартында 10 миллиондон ашык баш кой багылса, анын 92 %ын уяң жүндүү койлор ээлеген. Тилекке каршы, секторду колдоого жана сырткы да, ички да рынокто жүн сатууну маркетингдин алдыга жылдыруу боюнча чаралардын жоктугуна байланышкан азыркы абал малдын башы кескин кыскарышы жана атактуу кыргыз жүнүн өндүрүү төмөндөшү менен мүнөздөлөт.