Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду ЧОИ долбоорлору боюнча кризиске каршы чаралардын үчүнчү топтомун бекитти

29 Декабрь 2020 г.

РКФР өлкөнү өнүктүрүү институту катары чакан жана орто ишкердиктин Фонддун өнөктөштөрү – банктар менен микро каржы уюмдары аркылуу каржылануучу долбоорлору боюнча кризиске каржы чаралардын үчүнчү топтомун ишке ашырат.

Орто жана чакан ишкердикке коронавирус пандемиясынын экономикалык кесепеттерине байланышкан кризистен кийинки абалдан чыгуу үчүн колдоо көрсөтүү максатында Фонд ЧОИ субъектилери андан ары натыйжалуу иштеши үчүн, алар РКӨФтин жеңилдетилген каржылоосунун эсебинен алган насыялар боюнча төлөөлөрдү үчүнчү жолу кийинкиге жылдырып берди.

Кризиске каршы чаралардын топтому үстөк пайыздарды (АКШ доллары менен алынган насыялар боюнча) жана негизги карызды (каржылоо валютасынын түрүнө карабай) төлөөнү төмөнкү мөөнөттөргө жылдыруу укугун алууну болжойт:

- 25.01.2021 - 25.06.2021 мезгил аралыгында (6 ай) баарынан көп жабыр тарткан тармактагы ЧОИ субъектилерине берилген насыялар боюнча,

- 25.01.2021 - 25.03.2021 мезгил аралыгында (3 ай) эконмиканын калган тармактарын каржылоо боюнча.

Фонд өлкөдө калыптанган экономикалык абалды, о.э. аны кайра калыбына келтирүү бир катар факторлордун, анын ичинде Кыргызтандын өнөктөш өлкөлөрүндөгү глобалдуу факторлорду эске алуу менен, ушундай чараларга барды.

Бардык суроолор менен жана кошумча маалымат алыш үчүн 0312303750 (доб.123) номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.