РКӨФте кластердик өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуу болду

27 Ноябрь 2020 г.

Республиканын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлиги Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду мменен бирге кластердик өнүктүрүүнүн насыялк программаларын талкуулады.

Кластердик продукттар боюнча насыялоонун башкы артыкчылыктары — насыяны узак мөөнөткө берүү (7-10 жыл), жеңилдетилген мезгилдин узактыгы (36 айга чейин), күрөөлүк талапты төмөндөтүү ж.б.

Фонддун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Мамытов менен министр Тилек Токтогазиевдин жолугушуусу учурунда РКӨФтин сүт, эт, форель өстүрүү жана жашылча-жемиш продукттарын өндүрүү сыяктуу багыттар боюнча кластердик өнүктүрүүнүн насыялык программалары тааныштырылды.

«Кыргыз Республикасында кластерлерди өнүктүрүү аймактын өсүшүнө жана жергиликтүү коомчулуктарды иш жана киреше менен үзгүлтүсүз камсыз кылуучу “өсүш чекитине” катуу түрткү бере алат», — деп белгиледи Нурлан Мамытов.

Өз кезегинде, РКӨФтин кластердик демилгелерине оң баа берип, о.э. ФОнд менен кызматташуу жагынан келечеги кең айыл чарбасындагы артыкчылыктуу жаңы багыттарды белгиледи: «Фермерлерди колдоо биз үчүн артыкчылыктуу орундагы милдет болуп эсептелет, Фонд менен биргеликте асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жана колдоо боюнча алгылыктуу долбоорлор, жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча кластерди ишке киргизүү пландалган».

Тараптар талкууланган маселелер боюнча колдо бар маалымат топтомдору жана аналитикалык маалыматтар менен алмашууну, о.э. эксперттер жана адистердин деңгээлинде андан ары үзгултүксуз өз ара аракеттерди уюштурууну макулдашты.

Маалым кат: Экономикалык кластер — белгилүү бир аймакта топтолгон өз ара байланыштагы уюмдардын (компаниялардын, корпорациялардын, университеттердин, банктардын ж.б.) тобу. Алар: өндүрүмдү, тетиктерди сатуучулар, адистешилген кызматтарды көрсөтүүчүлөр; инфраструктура; илимий-изилдөө институттары; ЖОЖ ж.б. бири бирин өз ара толуктап жана айрым компаниялар менен катар жалпы кластердин атаандаштык артыкчылыгын жогорулатуучу уюмлар.