Бакыт Курманбеков Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун Башкармалыгына мүчө болуп дайындалды

19 Ноябрь 2020 г.

Курманбеков Бакыт Оболбекович өз кызмат жолун 1995-жылы КР Улуттук банкында экономист болуудан баштап, ал жерде Инвестициялар жана техникалык жардамды жөндөштүрүү бөлүмүнүн директорунун орун басарына чейинки кызматка көтөрүлгөн. 2003-жылдан тартып «Кыргыз Инвестициялык-Насыя Банкында» иштеп, 12 жылда насыялык департаменттин башкы адисинен тартып KICB Башкармалыгынын төрагасынын орун басарына жана Башкармалыктын төрагасынын кеңешчисине чейин жеткен. Банкта насыялык иш-аракет жана стратегиялык өнүктүрүү маселелери боюнча адистешкен. Түрдүү жылдарда жетекчилик орундарды ээлеген, анын ичинде: БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунда улуттук эксперт, «Кыргызстан»/Ijara Kyrgyzstan лизингдик компаниянын башкы директору болгон, о.э. также стоял у истоков создания Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүүнүн башында башкармалыктын мүчөсү катары турган. 2019-жылдын апрелинен тартып «Керемет Банкта» Башкармалыктын төрагасынын орун басары болгон.

Башкармалыгынын төрагасы Нурлан Мамытов РКӨФ жамаатына Бакыт Курманбековду тааныштырып, РКӨФ өнүктүрүү институту катары түзүлүп жана калыптанышында анын ролун белгиледи жана кесиптешинин ишине ийгилик каалады.