Нарын областына иш сапар

19 Ноябрь 2020 г.

Аймактык долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган иштердин алкагында РКӨФ кызматкерлери Башкармалыктын мүчөсү Абдраимов Э.Т. менен бирге Нарын областына иш сапары менен барып кайтты. Иш сапардын үч күндүк кенен программасында түрдүү тармактардагы келечектүү ишканаларды карап чыгуу, аймактагы ишкерлер менен жана КР өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым өкүлү менен жолугушуу, о.э. РКӨФтин долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышуу каралган.

Иш сапары учурунда биринчелерден болуп барган объекттердин бири товардык бетон жана темир-бетон конструкцияларын чыгаруучу «Ашар ЛТД» ЖЧК болду. Анын алкагында заводдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, РКӨФ тараптан каржылоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Андан соң КР өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым өкүлү Ашимбаев Сабыркул Абасович менен жолугушуу болду. Жолугушуунун алкагында РКӨФтин продукттар жана долбоорлору тааныштырылды. Тараптар ой-пикир алмашып, аймакты экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө РКӨФ менен КР өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча биргелешкен Иш-аракеттер планына кол коюлду. 

О.э. РКӨФ төмөнкү ишканаларда болушту:

  • Айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү жана сүт жана газдалган суусундуктарды чыгаруу боюнча ЖИ Жолболдиев С.Т. долбоору.
  • Уяң жүндүү койлорду өстүрүүчү асыл тукум чарба, Ак-Муз айылы, ЖИ Сайыров М.
  • Сүт заводу, ЖИ Толонов Б.Н. ж.б.

Үч күндүк иш сапар учурунда РКӨФ кызматкерлери аймактык ишкерлер менен жолугушту. Расмий эмес жагдайда ишкерлер аймакта ишкердик кылуунун көйгөйлүү маселелери менен бөлүшүп, РКӨФ кызматкерлери аймактарды колдоо үчүн атайын иштелип чыккан Фонддун продукттары жөнүндө айтып беришти. Фонддун өкүлдөрү сүт жана эт крастери, уяң жүндүү кой чарба кластери сыяктуу кластердик тармактык программаларды каржылоонун жаңы ыкмаларына өзгөчө көңүл бурушту.

Башкармалыктын мүчөсү Абдраимов Э.Т. белгилегендей: “Аймактарда ишкердик аракеттерди колдоо – Фонддун маанилүу иш багыты. Мындай иш сапарлардын башкы максаты болуп өлкөнүн бардык аймактарына ишкерлердин маанилүүлүгүн көтөрүү, РКӨФтин продукттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана аймактык долбоорлордун санын көбөйтүү эсептелет”.