РКӨФ Башкармалыгынын Төрагасы Мамытов Н. Т. Чүй областында долбоорлорго барып кайтты

29 Октябрь 2020 г.

Биз жөн гана ишкердикти каржылабастан, өз долбоорлорубузга көз салып жана коштоп турабыз: РКӨФ Башкармалыгынын төрагасы Мамытов Н. Т. Чүй областындагы долбоорлорго барып кайтты.

1) Биринчи долбоор - “Текстиль Транс” – Кыргызстанда кездеме, трикотаж, байпак чыгаруу боюнча лидер.

2) Ак-Түз айылында европалык стандарт боюнча курулган жаңы тоо-лыжа базасы.

3) уяң жүндөн (меринос) жана пахтадан буюмдардын кенен түрүн чыгаруучу «Viva Tex» өндүрүш холдинги.

4) «KazGrain» – Кыргызстанда данды кайра иштетүүчү, ун жана ун азыктарын өндүрүүгө адистешилген ири өнөр жай заводу.

О.э. иш сапардын алкагында каржылоо үчүн келечектүү «Елимай» долбоорунда да болду – бул сүт өндүрүмдөрүн (каймак жана аралаш май, быштактын катуу сортторун, кургак сүт жана кычкыл сүт азыктарын) чыгаруучу ири завод.