Мамытов Нурлан Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонд Башкармалыгынын Төрагасы болуп дайындалды

19 Октябрь 2020 г.

Тийиштүү буйрутмага Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков РКӨФтин жамаатына жаңы жетекчи Мамытов Нурланды тааныштырып, эл аралык уюм катары РКӨФтин иши өлкөнүн экономикасында маанилүү роль аткара тургандыгын жана жаңы төраганын алдында өлкө үчүн маанилүү болгон долбоорлорду колдоону улантуу жагынан олутуу милдети тургандыгын белгиледи. «Надеюсь, РКӨФ өнүктүрүү институту катары Кыргыз Республикасынын экономикасын жаңылантуу боюнча алгылыктуу иштерди улантат», - деди биринчи вице-премьер-министр, жана Нурлан Токтобековичтин ишине ийгилик каалады.

Нурлан Токтобекович өз кезегинде жаңы иш ордунда Фонддун ишинин жигердүүлугүн жогорулатуу үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын, ошону менен катар портфелдин жана каржылануучу долбоорлордун сапатын сактай тургандыгын белгиледи.