Үрөн чарбаларын өнүктүрүү үчүн финансылык инструменттер иштелип жатат

8 Декабрь 2020 г.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги: үрөн чарбаларын өнүктүрүү үчүн финансылык инструменттер иштелип жатат
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен үрөн чарбалардын жетекчилеринин жолугушуусу болуп, үрөн өстүрүү үчүн каржы инструменттерин талкуулады.
“Биз республикада үрөн чарбаларын өнүктүрүүнү көздөп жатабыз: мамлекеттик деңгээлде үрөндү субсидиялоо түрүндө, ошондой эле үстөк пайыз, насыя алуу мөөнөтүн жеңилдетүү. Ошондуктан, азыр Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду менен биргеликте, биз үрөнчүлүк тармагы үчүн жаңы каржы өнүмдөрүн иштеп чыгуунун үстүнөн иштеп жатабыз жана алардын шарттарын талкуулап, ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайбыз. Бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндө, сиздерден үрөн чарбаларын өнүктүрүү боюнча баалуу идеяларды жана сунуштарды алабыз деп үмүттөнөбүз”, - деди министр Тилек Токтогазиев жолугушуунун катышуучуларына кайрылып.
Өз кезегинде ОКӨФнун Россия-Кыргыз кызматташтыгы боюнча координатору Мурат Мукамбетов республиканын айыл чарбасын өнүктүрүүнү колдоо Фонддун биринчи кезектеги милдети экендигин белгиледи. “Фонд тарабынан каржыланган долбоорлордун жалпы санынын болжол менен 60% агрардык секторго туура келет. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр үчүн Сүт, Эт, Форель кластери жана жашылча-жемиш кластери үчүн атайын кредит өнүмдөрү иштелип чыккан жана киргизилген. Алар үчүн пайыздык чендер (4% - АКШ доллары, 8% - сом), насыя шарттары (7 жылга чейин), жеңилдетилген мезгил (36 айга чейин) жана күрөө жагынан алгылыктуу шарттар түзүлгөн. Үрөн өстүрүү боюнча өзүнчө кластер жок, бирок биз азыр министрлик менен биргеликте бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Ошол эле учурда, үрөнчүлүк чарбалары мөмө-жемиш кластери үчүн жеңилдетилген насыя берүү шарттарын колдонушу мүмкүн”.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өнүгүү келечегин жана учурда өлкө боюнча үрөн өстүрүүчүлөр туш болуп жаткан кыйынчылыктарды талкуулашты, анын ичинде:
• жер маселеси (айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн жердин чектүү берилиши),
• жабдуулар (атайын жабдуулар жок, өндүрүш процесси кол менен жүргүзүлөт),
• үрөндөр (сапаттуу үрөндөрдү сатып алуу жана негизинен импорттолгон үрөндөрдү пайдалануу үчүн чектелген финансылык ресурстар, ата мекендик үрөндөрдүн үлүшүн көбөйтүү керек);
• сугат үчүн электр энергиясына болгон жогорку тариф,
• квалификациялуу кадрлар (адистер жок жана атайын билим берүү программалары жок)
• күрөө (финансы-кредит мекемелери тарабынан жер түрүндөгү күрөөнү кабыл алуу көйгөйлөрү).
Айыл чарба министрлиги өлкөнү өзүнүн сапаттуу үрөндөрү менен камсыз кылуу пандемия учурунда өзгөчө мааниге ээ болгон азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун элементи экендигин белгилейт. Мындан тышкары, үрөнчүлүк келечекте өлкөнүн айылдык калкынын жумуш менен камсыз болушунун жогорку деңгээли менен экспортко багытталган тармакка айланышы мүмкүн.