КР ПРЕЗИДЕНТИ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ РКӨФ ТАРАБЫНАН КАРЖЫЛАГАН ИШКАНАЛАРГА БАРДЫ

5 Октябрь 2020 г.

2020-жылы 3-4-августта Кыргыз Республикасынын президенти С. Ш. Жээнбеков Ысык-Көл областына эки күндүк иш сапары менен барып келди. РКӨФ Башкармалыгынын төрагасы А. К. Аалиев КР президентин коштоочулардын курамында аталган иш сапарына катышты.

Мамлекет башчысы сүттү кайра иштетүүчү «Ак-Булак» ЖЧКга, жеке коргонуу каражаттарын чыгаруучу «Айко Сейко» ЖЧК ишканасына, жана «ОСКО» ЖКЧ — сублиматталган мөмө-жемиштерди чыгаруучу заводго барып кайтты.

Бул долбоордон тышкары, мамлекет башчысы медициналык жана айыл чарба объектилери менен, коронавирус пандемиясынын шартында о. э. калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлордун аткарылып жатышы менен таанышты.

«Ак-Булак плюс» ЖЧК Ысык-Көл областында сүттү кайра иштетүүчү эң ири заводдордун бири болуп эсептелип, майсыздалган кургак сүт, каймак майын жана катуу быштаак-сырдын бир нече түрүн чыгарат.

Ишкананын бир нече кабыл алуу пункту жана муздаткыч жайлары бар, ал жерлерге Каракол шаарынан, о. э. Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунан жергиликтүү фермерлер өз сүтүн сатышат. Завод Ысык-Көл областынын түрдүү райондордун 70тен ашуун айылынан 6 миң фермердик чарба сүт төгүп, ошону менен аймакта айыл чарбасы өнүгүүдө.

 

«Айко Сейко» ЖЧК — Ак-Суу районунда адистешилген кийим чыгаруу менен алектенет. «Айко Сейко» япон тилинен которгондо ийгиликке, тактыкка умтулуу дегенди билдирет. Компаниянын башкы иши түрдүү ишканалар менен уюмдарга, анын ичинде өлкөнүн күч түзүмдөрү үчүн атайын кийим тигүү болуп эсептелет. Жакынкы арада ишкана Караколдогу кышкы эс алуучу жайлар үчүн лыжа кийимдерин тигип баштоону пландап жатат. Бүгүнкү күндө фабрика 120 адамды ишке орноштурууга ммкүндүгү бар, бирок коронавирусту жуктуруп алууга жол бербөө максатында азыркы учурда 60 кызматкер иштеп жатат. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу үчүн аларды Казакстан менен Россиянын ишканаларына жиберүү практикаланат.

 

«ОСКО» ЖЧК КРде өстүрүлчү айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүүчү болуп эсептелет. Башкы иш багыты — сублиматталган мөмө-жемиштерди чыгаруу, андан тышкары, компания Россиянын сапаттуу көчөттөрүн пайдалануу менен отургузган өзүнүн интенсивдүү багында мөмө-жемиштерди өстүрөт. Долбоор өндүрүштү НАССР принциптерине ылайык өндүрүштү жаңылоого, өндүрүш кубатын кеңейтүүгө жана интенсивдүү бактын аянтын көбөйтүүгө багытталган.

Жогоруда аталган долбоорлордун баары Россия-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан каржыланган.

Андан тышкары, А. К. Аалиев КРде курулуп жаткан алгачкы бройлердик багыттагы канаттуулар «Агро Куш» ЖЧК фабрикасында болуп, 2020-жылы РКӨФтер түз каржылоо боюнча каражат алган бул компаниянын жетишкендиктери жана ийгиликтери менен таанышты.