РКӨФ төрагасы Асрандиев Э. Ш. региондордо долбоорлорду каржылоо боюнча презентация жасады

28 Февраль 2019 г.

«Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясы жүрүшүндө РКӨФ төрагасы Асрандиев Э. Ш. региондордо долбоорлорду каржылоо боюнча  презентация жасады.

Эркин Шамшудинович өз сөзүндө, Фонд иши 2018-жылында региондук өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи – Республиканын беш шаарында Аймактагы кенеш берүү борборлору ачылган - Жалал-Абад, Каракол, Баткен, Талас, Нарын шаарларында. Фонддон түз каржылоонун чеги 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттүлдү. Андан тышкары, аймактардагы ишкерлердин күрөө маселелерди чечүү үчүн кадамдар кабыл алынган – РКӨФ Мамлекеттик Кепилдик Фонддуна 200 млн сом берилди.
Фонддун башчысы региондордогу каржылоо мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди: региондор үчүн өзгөчө ЧОБ программалар – “Интенсивдүү багбанчылык” жана лизинг программасы. Жана, “Региондор – өнүгүүнүң башаты” долбоорлордун конкурсунун узартуусу жөнүндө эстетти, ага ылайык ийгиликтүү долбоорлорго төлөгөн пайыздын жарымына чейин кайтарылып берилет. Бул биздин рынокто уникалдуу каржылоо шарттары.

Өз сөзүндө Асрандиев Э. Ш. эле региондордогу баштаган ишкерлерди каржылоо программасын айтып кетти.

В своем выступлении также коснулся темы программы финансирования стартапов в регионах, алдын ала шарттарын жарыялады, ага ылайык программага $ 1 млн доллар бөлүнөт жана үч долбоор тандалып алынат: Баткен, Талас жана Нарын облустарынан бирден долбоор. Бул тандоо төмөнкү факторлор менен шартталган: бул аймактардын оор климаттык жана географиялык шарттары, ишкердик иш-аракетти жүзөгө түрткү берүү зарылдыгы менен жана РКӨФ портфелинде түздөн-түз каржылоо жоктугу менен шартталган.