Насыянын максаты | Фонддон түздөн-түз каржылануучу инвестициялык долбоорлордун алкагында чийки заттарды, курамдык бөлүктөрдү, тетиктерди, компоненттерди сатып алууну каржылоо |
Насыя алуучулардын максаттык сегменти | Фонд тарабынан түздөн-түз каржылануучу, ЕАӨБ менен макулдашуунун алкагындагы төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бере турган ар түрдүү уюштуруучулук-укуктук формадагы коммерциялык уюмдар:
|
Насыянын түрү | Жүгүртүү каражаттарын берүүгө алкактык келишим |
Каржылоонун суммасы жана валютасы | Алкактык келишимдин максималдуу көлөмү – 3,0 млн АКШ долл. Алкактык келишимдин минималдуу көлөмү – 100 миң АКШ долл. Фонд Алкактык келишимдин көлөмүн Насыячыга сөзсүз жазуу түрүндө билдирүү менен, каалаган убакта бир жактуу түрдө өзгөртүүгө укуктуу. Алкактык келишимдин көлөмүнүн өзгөрүшү Насыячынын Фонд алдында Алкактык келишимдин көлөмү өзгөргөн күнгө карата милдеттемелери мөөнөтүнөн мурда аткарышына алып келбейт. |
Жеткиликтүүлүк милдети | 12 (он эки) айдан көп эмес |
Насыяны берүү формасы | Алкактык келишимдин алкагында Жеке насыялык макулдашуунун негизине транш менен. Транштын минималдуу көлөмү 100 000 (жүз миң) АКШ долларын түзөт |
Насыянын мөөнөтү | (жыйырма төрт) айга чейин |
Үстөк пайыз чени | АКШ доллары (USD) менен: 6М LIBOR1 + жылдык 5%дан жогору Үстөк пайыз чени LIBOR чени өзгөрүшүнө байланыштуу жылына 2 жолу кайра каралышы мүмкүн. Үстөк пайыз чени өзгөргөн учурда Фонд Насыя алуучуга жазуу түрүндө билдирет (насыялык макулдашуунун шарттарына ылайык). |
Күрөөлүк камсыздоо |
Күрөөлүк мүлктүн айрым түрлөрү Фонддун талаптарына ылайык камсыздандырылган болушу керек. Камсыздандыруу компенсациясын алуу үчүн Фонд Пайда көрүүчү катары Камсыздандыруу полисинде көрсөтүлүшү керек. |
Насыя алуучунун өз салымы | Насыя алуучу каржыланып жаткан сумманын 20%дан кем эмес көлөмүндөгү өз салымын насыялык келишим күчүндө турган мөөнөттүн башынан аягына чейин камсыз кылышы керек. Жеке салым акча каражаты түрүндө же насыя алынып жаткан долбоорго колдонула турган активдер түрүндө болушу мүмкүн. |
Насыя алуучу насыяны жана пайыздарды төлөөсү |
|
Мөөнөтүнөн мурда төлөө | Жарым жылда бир жолу Насыя алуучу негизги карызды (негизги карыздын бир бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда, андай эрте төлөй турган күнгө карата чегерилген үстөк пайыздын суммасы жана төлөнүшү керек болгон башка суммалар менен бирге төлөөгө укуктуу, бул үчүн 15 (он бештен) кем эмес күн мурун өз чечими жөнүндө Фондго жазуу түрүндө билдирип, анда мөөнөтүнөн эрте кайтарылып жаткан сумманы жана кайтарыла турган күнүн көрсөтүү шарт. Негизги карыз (негизги карыздын бир бөлүгү) пайыз төлөнө турган күндөн башка күнү төлөнүп жатса, Насыя алуучу насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөп жатканы үчүн Фондго мөөнөтүнөн мурда төлөнүп жаткан суммадан 1 (бир) пайыз көлөмүндө кошумча комиссия төлөйт. |
Насыянын пайдаланылышына мониторинг | Фонд өзүнүн ички ченем документтеринин талаптарына ылайык, Насыя алуучу милдеттерин аткарып жатышына мониторинг жүргүзүүгө укуктуу. |
Тыюу салынган иш-аракеттер |
|
1 Libor (англ. London Interbank Offered Rate) – Лондондун банктар аралык рыногунда түрдүү валюталык каражаттарды бир күндөн 12 айга чейинки түрдүү мөөнөткө сунуштоо менен чыгуучу банктар бере турган банктар аралык насыялар боюнча үстөк пайыздын орточо чени -- http://www.global-rates.com/interest-rates/libor/american-dollar/usd-libor-interest-rate-6-months.aspx