Жашылча-жемиш кластери: РКӨФтин өнөктөш мку аркылуу каржылоо

«Чакан ишкердикти микрокаржылоо уюмдары аркылуу насыялоо» программасынын алкагында

Максаты

Жашылча-жемиш продукция өндүрүшүнүн өсүшүн камсыз кылуу жана аталган тармакта Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.

Насыя алуучулардын мксаттык сегменти

Республикасынын резиденти болуп эсептелген жана төмөндө аталган тармактардын биринде иш тажрыйбасына ээ түрдүү уюштуруучулук-укуктук формадагы чакан жана орто ишкердик субъектилери:

- жашылча-жемиш продукциясын кайра иштетүү;

- жашылча-жемиш продукциясын жеткирүү, сактоо, бөлүштүрүү же сатуу.

- өсүмдүк чарбасы жана көп жылдык өсүмдүктөр үчүн пайдаланылчу жерлерди иштетүү (анын иичнде машина-трактор станциялары);

- үрөн чарбасы жана жемиш-көчөт чарбаларын уюштуруу;

- жашылча-жемиш продукциясын өндүрүү;

- органикалык жана минералдык семирткичтерди өндүрүү.

- чыктуу тоют өндүрүү..

Насыялык каражаттарды максаттуу пайдалануу

  • Учурда иштеп жаткан өндүрүштөрдү техникалык кайра жабдуу, заманбапташтыруу жана кеңейтүү же жаңы өндүрүштү түзүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жабдууларды, техника жана агрегаттарды сатып алуу, анын ичинде тийиштүү келишимдер боюнча кыйыр чыгымдар (бажы салымдарды, салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча чыгымдар; инжиниринг, шефмонтаж, курулуш-монтаждоо жана иштетүү-жөнгө салуу иштерин жүргүзүүгө чыгымдар; тетиктерге чыгымдар; персоналды окутууга, профилдик көз карандысыз эксперттерди тартууга чыгымдар ж.б.);
  • Объектилерди курууга, реконструкциялоого же техникалык кайра жабдууга байланышкан курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү (анын ичинде өндүрүш объектилерин, инженердик жана унаа инфраструктуралык объектилерди, күнөс жайларын, шпалердик тутумдар менен сугат объектилерин);

Кыймылсыз мүлк объектилерин (жер үлүштөрүн, өндүрүш жана же а-ч. багытындагы имараттар менен курулуштарды) сатып алууга чыгымдарды каржылоо.

Жүгүртүү капиталын толтуруу:

  • Чийки зат, үрөн-урук, КММ жана семирткичтерди сатып алуу;
  • Өндүрүш жабдуулары, а-ч. техникасы жана унаа үчүн тетиктерди сатып алуу;
  • Материалдарды (анын ичинде жүк ташуучу тараларды) сатып алуу;
  • Логистика чыгымдарын төлөө.

Насыя алуучунун оз салымы

Инвестициялык насыялар боюнча долбоордун  наркынын 15%ынан кем эмес.

Каржылоо валютасы

Кыргыз сому

Каржылоо суммасы

1 млн сомго чейин

Насыянын мөөнөтү

· Инвестициялык максаттар 5 жылга чейин;

· Жүгүртүү каражаттарын толтуруу 2 жылга чейин.

Жеңилдетилген мезгил

· Инвестициялык насыя 12 айга чейин;

· Жүгүртүү каражаттарын толтурууга насыя 3 айга чейин.

Үстөк пайыз чени:

Сом – жылдык 14%

Акыркы насыя алуучу үчүн күрөөлүк камсыздоо боюнча талаптар

Талаптар МКУнун ченем актыларына ылайык

МКУ үчүн күрөөлүк камсыздоо

РКӨФтин «Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан микрокаржылоо уюмдарын максаттуу каржылоо жөнүндө» жобосуна ылайык.

«Чакан ишкердикти микрокаржылоо уюмдары аркылуу насыялоо» программасынын ченемдерин колдонуу

Ушул Продукт менен түз жөнгө салынбаган бардык аспектилерде РКӨФтин «Чакан ишкердикти микрокаржылоо уюмдары аркылуу насыялоо» программасынны ченемдери колдонулат.