Бул Программага карата «Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фонд тарабынан коммерциялык банктарды максаттуу каржылоо жөнүндө» жобонун шарттары менен талаптары колдонулат
Максаттык топ/ Лизинг алуучулар | Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзүүчү жана жеке ишкер, дыйкан чарба, о.э. коммерциялык уюм жана ишкана катары катталган КРдин чарбалык субъектилери. |
Каржылык лизингди дайындоо | Айыл чарба техникасын жана жабдууларын, кайра иштетүүчү, өнөр жай, тамак-аш жана медициналык багыттагы жабдууларды сатып алуу, анын ичинде:
|
| Программанын алкагында мурда колдонулган техника менен жабдууларды сатып алууга болот, бул үчүн алардын амортизация көлөмү өз наркынын 30%ынан ашпагандыгы жана пайдалуу кызмат мөөнөтү лизингдин мөөнөтүнөн жогору болушу шарт. |
Өнөктөш банктар | «РКӨФтин коммерциялык банктарын максаттуу каржылоо жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн критерийге ылайык келүүчү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары |
Каржылык лизингдин операцияларын каржылоо үчүн насыялык линиянын өзгөчөлүктөрү
| Фонд коммерциялык банктарга (өнөктөш банктарга) каржы берет жана каржылык лизинг операциясынын тарабы болуп эсептелбейт. Өнөктөш банк лизинг берүүчү болот жана лизингдик операция каражаттарын лизинг алуучу кайтарбагандыгы үчүн коопчулукту жана лизиндик операция каражаттары Фондго толук кайтарылышына толук жоопкерчиликти өзүнө алат. |
Насыялык линиянын валютасы | Насыя каражаттарын Фонд өнөктөш банктарга кыргыз сому жана АКШ доллары менен берет, о.э. Фонддун тийиштүү ресурстары болгон шартта россиялык рубль менен да берилет. |
Өнөктөш банк үчүн насыялык линиянын мөөнөтү
| Кыргыз сому менен – 7 жылга чейин; АКШ доллары менен –7 жылга чейин. Россиялык рубль менен каржылоодо мөөнөттөр Фонддун тийиштүү ресурстары болгон шартта белгиленет. Насыялк линиянын ар бир траншы үчүн негизги сумманы төлөөгө 1 жылдык жеңилдетилген мөөнөт берилет.. |
Өнөктөш банкка насыялык линия берүү | Фонд өнөктөш банкка каржыны белгиленген чектин алкагында макулдашылган шарт менен транш турүндө берет. Өнөктөш банк Фонддон алган траншты 30 күн ичинде өздөштүрүп, -аталган траншты максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө Фондго отчет берип жана тарншын пайдаланылбаган бөлүгүн Фондго кайтарып бериши керек. Кезектеги транш Фонд тарабынан мурунку траншты пайдалануу боюнча өнөктөш банктан канааттандырарлык отчет алынгандан кийин гана берилет. Бир транштын минималдуу көлөмү 50 миң АКШ долларын (же башка валютада анын эквивалентин), бир транштын максималдуу көлөмү 1 миллион АКШ долларын (же башка валютада анын эквивалентин) түзөт. |
Насыялк линияны өнөктөш банк тарабынан өздөштүрүү мөөнөтү | Насыялык келишимге кол коюлгандан кийин 12 ай. |
Лизинг алуучулар үчүн үстөк пайыз | Өнөктөш банк тарабынан лизинг алуучуларга берилчү лизингдик операциялар боюнча үстөк пайыз Фонд тарабынан өнөктөш банктар үчүн бекитилген насыялык линия боюнча үстөк пайыздан 400 базистик пунктан (4 пайыздык пунктаан) ашпоосу керек. Лизинг берүүчү лизинг алуучудан кайсы бир кошумча комиссиялар менен төлөмдөрдү алуугу укугу жок. |
Өнөктөш банк тарабынан пайыздарды жана негизги сумманы төлөө
|
Негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мөөнөт аяктагандан кийин негизги сумман төлөө – жарым жылдык бирдей төлөмдөр менен. Пайыздарды кайтаруу – ар кварталдык төлөмдөр менен. |
Узак мөөнөтүү кайтаруу | Лизинг алуучулар лизингдик операциялардын каражатын эч бир айып тартуусуз узак мөөнөттө кайтарып берүүгө укуктуу. Өнөктөш банктар насыялык линияны Фондго эч бир айып тартуусуз узак мөөнөттө кайтарып берүүгө укуктуу. |
Лизинг алуучу тараптан кош каржылоо | Лизинг алуучунун өз салымы лизинг предметинин наркынан 10%дан кем эмес бөлүгүн түзүшү керек. Жеке салымын лизинг алуучу банк эсебине салып, ал андан ары лизинг предметин сатуучуга төлөм катары колдонулат. Лизинг алуучу бажылык тазалоо жана документтерди түзүү боюнча түз чыгымдарды, о.э. лизингдин бардык мезгилине сактык байгелерин төлөө үчүн каражаттарды өз салымынан тышкары төлөөгө милдеттүү. |
Айыл чарба техникасы үчүн, жабдуу, асыл тукум бодо мал үчүн камсыздоо |
|
Чектөөлөр | Лизингдин предмети лизинг алуучу тарабынан сублизингге берилбеши керек. |
Өзгөчө шарттар |
|
Өнөктөш банк тарабынан Фондго берилчү күрөөлүк камсыздоо | Өнөктөш банктар Фондго «РКӨФтин коммерциялык банктарын максаттуу каржылоо жөнүндө жободо» көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келчү күрөөлүк камсыздоо бериши керек |
Өнөктөш банк үчүн санкциялар ж.б. табаптар
|
|
Лизинг алуучулар үчүн айып санкциялары | Лизинг боюнча төлөмдөр өз убагында төлөнбөгөн учурда айып санкциялары төлөө графиги кечиктирилген 6-күндөн тартып чегерилет, анын колөмү өнөктөш банктын учурдагы тарифтерине ылайык болот |
Насялык линияга мониторинг | Фонд лизингди акыркы алуучу ЧОИ субъектилерине мониторинг жүргүзүүгө укуктуу. Өнөктөш банк Фонддун каржылары максатуу пайдаланылышы жөнүндө бекитилген формаларга ылайык фондго төмөнкү отчетторду берүүгө милдеттенет:
|
Каржылоо үчүн тыюу салынган иш-аракеттердин түрү | Тамеки жана тамеки өндүрүмдөрүн, ичимдиктерди, курал-жарак, медициналык багыттан тышкаркы баңги заттарын чыгаруу, кумар оюн ишкердиги, мажбурлаган жана балдар эмгеги ж.б. мыйзам тарабынан тыюу салынган аракеттердин түрү. |
Бир лизинг алуучуга берилчү каржынын максималдуу суммасы | Бир лизинг алуучуга өнөктөш банк тарабынан берилчү каржынын максималдуу суммасы 1 (бир) миллион АКШ долларынан же башка валютадагы анын эквивалентинен ашпоосу керек. |
Лизинг субъекттилерине кошумча талаптар: | Иш-аракет мөөнөтү 6 айдан кем эмес. |