Жеңил өнөр жайы

  1. Жеңил өнөр жайынын учурдагы абалынын көрсөткүчтөрү

Жеңил өнөр жайы өлкөнүн экономикасында

Жеңил өнөр жайы — өз көлөмү, мультипикативдүү таасири, о. э. социалдык маселелерди чечүүдө маанилүүлүгү жагынан Кыргызстандын экономикасында алдыңкы тармактардын бири.

Бүтүндөй өнөр жай түзүмүндө тармактын үлүшү 2019-жыл жыйынтыгы боюнча 3 пайызды түздү. роцента по итогам 2019 года. Кыргыз Республикасынын өнөр жай өндүрүшүндө (өндүрүштүн жалпы көлөмү 2019-жылы 278 млрд сомду түзгөн) көлөмү жагынан салттуу түрдө баалуу металлдарды өндүрүү басымдуулук кылат. Эгер жалпы өнор жай өндүрүшүнөн «Негизги металлдарды өндүрүү» компонентин алып таштаса (2019-жылдагы жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 51 пайызы), анда жеңил өнөр жайынын үлүшү өнөр жай өндүрүшүнүн 7 пайызын түзөт.

Өндүрүш көлөмдөрү жана динамикасы

Кыргызстандын жеңил өнөр жайы «текстиль өндүрүшүнөн», «кийим өндүрүшүнөн жана тери-булгары буюмдарынын жана тери-булгары өндүрүшүнөн», о. э. «бут кийим өндүрүшүнөн» турат. Аталган тармактарда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2019-жылы, жогорудагы аталган иретте, 1491,9 млн сом (18 пайыз), 6502,6 млн сом (79 пайыз), 264,7 млн сом (3 пайыз) болду. Жеңил өнөр жайынын 80 пайызын кийим тигүү өндүрүмү түзөт.

1-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, бааланып жаткан 2014–2019-жылдар аралыгында (2014=100%) жеңил өнөр жайынын физикалык өндүрүш көлөмү (текстиль, тигүү жана бут кийим өндүрүшү) 2016-жылы андан мурунку жылга салыштырмалуу кыскарган, 2016-жылдан кийин өндүрүштүн өсүшү акырындап калыбына келе баштаган.

Өндүрүштүн мындай динамикасынын, кыязы, бир нече себеби бар. Алардын негизгилерине 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулушу кирет. Кыргызстандын экономикасынын экспортко багытталган тармактары үчүн, айрыкча, негизинен импорттук чийки затты пайдалануучу жана негизги сатуу рыноктору ЕАЭБ өлкөлөрүндө жайгашкан тармактар үчүн бул күтүүсүз болгону айкын.

Кийим тигүү өндүрүмдөрүн чыгаруучуларга жаңы шарттарга ылаыкташып, суроо-талаптагы өзгөрүүлөрдү аныктоого кыйла узак убакыт талап кылынган. Салыштырсак, көпчүлүгү экспортко багытталган азык-түлүк өндүрүмдөрүн чыгаруучу ишканалар тез аралыкта өзүлөрүнө келип, 2016-жылдан тарта өндүрүштүн өсүшүн кайра жаңыртышкан.

 

Рис. 1. Кыргыз Республикасынын айрым өнөр жай тармактарынын физикалык өндүрүш көлөмүнүн динамикасы

Божомолдогондой, 2020-жыл COVID-19га байланыштуу кийим тигүү тармагында эң татаал жыл болот. Алсак, тармак өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча [1]  карантин учурунда Бишкекте болжол менен 1000 кийим тигүүчү ишкананын ичинен болгону 15-17 цех гана иштеген.

 

Өндүрүштүн аймактык түзүмү

Текстиль өндүрүшү Кыргызстандын аймагында салыштырмалуу текши орун алган. Ал Бишкекте (29 пайыз), Жалал-Абад областында (28,5 пайыз), Чүй областында (23 пайыз), Ош областында (17 пайыз) — бардык өндүрүштүн 97 пайызын түзөт (кара.: 2-сүрөт).

2-сүрөт. Текстиль өндүрүшүнүн Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча түзүмү

Азыркы учурда текстиь өндүрүшүнүн өсүшү болжолдолууда. Мамлекет Бишкек шаарына жакын бөлүп берген жерде текстиль ишканасын куруу күтүлүүдө[2]. Ош шаарынын мэриясы да текстиль-өнөр жа паркын курууга жер бөлүп берип, анда «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКнын курулуш объектилерин салуу иштери жүрүп жатат[3].

Кийим өндүрүү текстиль өндүрүшүнөн айырмаланып, Бишкекте (65 пайыз) жана Чүй областында (31 пайыз) жыш топтолгон, бул бүтүндөй өндүрүштүн 96 пайызын түзөт (кара.: 3-сүрөт). Аталган аймакта кийим тигүү кластерин түзүүгө алдын ала шарттар калыптанган.

 

3-сүрөт. Кийим тигүү өндүрүшүнүн Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча түзүмү

 

Тигилген буюмдарды экспорттоо жана сатуу рыноктору

Кыргыз Республикасынын кийим жана текстиль буюмдарына кирген товарлардын экспорту 2018-жылы 150 миллиондон ашык АКШ долларын түзгөн. Бул экспорттун акыркы жылдардагы эң көп көлөмү болгон. 1-таблицада көрсөтүлгөндөй, 2019-жылы COVID-19 пандемиясына чейин 61, 62 жана 63 товардык топтор боюнча экспорт[4] дээрлик 1,5 эсе кыскарган.

 

1-таблица. ЕАЭБ ТЭИ ТН 61, 62, 63 топтор боюнча Кыргыз Республикасынын экспорт түзүмү [5] (млн доллар)

Топтун коду*

Аталышы

2015

2016

2017

2018

2019

январь–июнь 2020

61

Трикотаж, машина же колго токулган кийим жана кийим буюмдары

48,7

56,8

98,9

140,5

73,3

29,4

62

Трикотаж, машина же колго токулгандан тышкары кийим жана кийим буюмдары

47,9

15,8

19,8

9,1

25,2

4,9

63

Башка даяр текстиль буюмдары; топтомдор; кийим жана текстиль буюмдары

1,3

1,4

2,6

1,9

2,6

1,1

 

Бардыгы

97,9

74,0

121,3

151,5

101,1

35,4

 

Экспорттун жалпы көлөмүндө 2019-жылы ЕАЭБ ТЭИ ТН 61, 62, 63 топтор боюнча экспорт 5,1 пайызды түздү. Өндүрүш продукциясынын негизги экспорту ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт — 2019-жылы 98 пайыз, башкы сатуу рыногу — Россия.

 

2-таблица. Кыргыз Республикасынын 2019-жылы ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө ЕАЭБ ТЭИ ТН 61, 62, 63 топтор боюнча экспорттоо тутуму (млн доллар)

Топтун коду*

Аталышы

Наркы

доля страны

61

Трикотаж, машина же колго токулган кийим жана кийим буюмдары

73,3

100%

 

Беларусь

0,1

0,1%

 

Казакстан

15,0

20,5%

 

Россия

58,2

79,4%

62

Трикотаж, машина же колго токулгандан тышкары кийим жана кийим буюмдары

Анын ичинде:

25,0

100%

 

Беларусь

0,027

0,1%

 

Казакстан

12,7

50,7%

 

Россия

12,3

49,1%

63

Башка даяр текстиль буюмдары; топтомдор; кийим жана текстиль буюмдары

Анын иичнде:

1,4

100%

 

Беларусь

0

0,0%

 

Казакстан

0,6

42,9%

 

Россия

0,8

57,1%

 

2020-жылдын январь–июнь айларында ошол эле ЕАЭБ ТЭИ ТН 61, 62, 63 топтор боюнча өндүрүмдөрдү экспортто өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 20 пайыз кыскарып, болгону 35,4 млн долларды түзгөн, анын ичинде: 61 коду боюнча — 29,4 млн доллар (10 пайыз кем), 62 коду боюнча — 4,9 млн доллар (55 пайыз кем), 63 коду боюнча — 1,1 млн доллар (22 пайыз жогору).

«Россиянын тышка соодасы» сайтынын маалыматы[6] боюнча «трикотаж, машина же колго токулган кийим жана кийим буюмдары» тобу боюнча Россиянын импорттук түзүмүндө Кыргызстан 0,8 пайыз менен 15-орунду элейт. 2019-жылы Кытай 32 пайыз үлүшү менен негизги соода өнөктөшү болду, андан кийинки орунда Бангладеш (үлүшү 13 пайыз) турат. Өзбекстан статистикага ылайык 7 пайыз үлушу менен 5-орунда, Беларусь 4 пайыз үлүшкө ээ болуп, 6-орунда жана Армения 1 пайыз үлүшү менен 14-орунда.

Россия импортто түзүмүндө 2019-жылы «трикотаждан тышкары кийим жана кийим буюмдары» тобу боюнча Кыргызстан 0,5 пайыз менен 21-орунду ээледи. 2019-жылы Кытай 39 пайыз үлүшу менен эң ири сатуучу болду, андан кийтн 11 пайыз үлушү менен Бангладеш турат. Беларусь 6 пайыз үлүшу менен 6-орунда, Армения 1 пайыз үлүшү менен 15-орунда жана Өзбекстан 0,4 пайыз менен 23-орунда.

Россия импортто түзүмүндө 2019-жылы «башка даяр текстиль буюмдар, топтомдор» тобу боюнча Кыргызстан аз гана 0,07 пайызга ээ.Товарлардын бул категориясын сатуучулардын ичинен 1-катарды 40 пайыз үлүшү менен салттуу түрдө Кытай ээлейт, Беларусь 8 пайыз үлүшу менен 2-орунда, Өзбекстан 4 пайыз үлүшү менен 4-орунду, Армения  0,2 пайыз үлүшү менен 35-орунду ээледи.

Көрүнүп тургандай, Россияга тигүү өндүрүмдөрүн Өзбекстан, Белоруссия жана Армения өңдүү өлкөлөрдөн экспорттоо көп учурларда Кыргызстандан жогору. Кыязы, алар тараптан атаандаштык мындан ары дагы өсүп гана отурат.

  1. Айрым тыянактар

Кыргызстанда кийим тигүү өндүрүшүнүн өнүгүү натыйжаларын баалоо өнүгүүнүн үч баскычын ажыратып көрүүгө мүмкүндүк берет.

1-баскыч. Өндүрүштү кайра түзүү. Азыркы абалдагы кийим тигүү өнөр жайы —Кыргызстанда түп-тамырынан жаңы түзүлгөндөрдүн бири. Бул тигүү өндүрүш технологяларын өздөштүрүү, рынокту иликтөө, жумушчу топту жыйнап жана даярдоо баскычы болгон. Жетишилген натыйжалар — бул, биринчи кезекте, көп сандаган ишкерлердин эмгеги, алардын көбү бул тармакка атайын билими жок келип, бирок атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштү жөнгө сала алышты.

Буга түртү кылган факторлор арзан эмгек акысы, электр кубатынын арзандыгы болду. О.э. аталган мезгилде бул тармак толугу менен көмүскөдө болгонугун белгилей кетүү маанилүү. Бул мамлекеттик бюджет менен өз ара аракеттешүүдөгү чыгымдарды кыскартып, бирок ресурстарга жетүү, энергия тармактарына туташуу ж. б. жагынан ишканаларга көйгөйлөрдү жаратты.

2-баскыч. Көмүскөдөн чыгуу, ишкердикти мыйзамдаштыруу, өндүрүштүн жана экспорттун өсүшү. 2005-жылдан тартып тармактын ишканалары үчүн патенттик тутум киргизилип, бул ишканалардын басымдуу бөлүгүнө ачык иштөөгө мүмкүндүк берди. Көмүскөдөн чыгуу ишканалар тарабынан колдоого алынган жана бул, кыязы, алардын көмүскөдө иштөө кирешеден чыгашаны көп алып келе турган өнүгүү баскычына жеткендиктери менен байланыштуу болгон.

Азыркы учурда дээрлик бардык ишканалардын укуктук түрү — патенттин негизинде иштөөчү жеке ишкерлер. Ишканаларга бул каржы ресирстарга жетишүүнү кыйла жакшыртууга, туруктуу чарбалык мамилелерди курууга, коопчулуктарды азайтып жана мамлекеттик органдар менен өз ара мамилелерди шайкештетүүгө мүмкүндук берди. Бул мезгил аралыгында кийим тигүү тармагында ишканалардын саны дагы өсө берген, технологиялык кайра жабдуу жакшырган, экспорттун географиясы кеңейген. Ишкердик-ассоциациялар: «Легпром» ассоциациясы жана «Союзтекстиль» трикотаж ишканаларынын ассоциациясы түзүлүп, алар ишкерлерге өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн биригүүгө жардам берген.

3-баскыч. Сыноолорго жооп, турукташшуу жана өнүгүү. Жогоруда COVID-19га байланышкан көйгөйлөр белгиленген. Тармак өндүрүштүн токтошунан, сурам-буйрутмалардын кыскарышынан, колдонулчу материалдарды жеткирүүдөгү жана даяр өндүрүмдү жеткирүүдөгү кыйынчылыктардан жабыр тартты. Тармакка адаттагы сатуу рынокторунда суроо-талаптын кыскарышы, товарды импорттоочу өлкөлөрдө жашоо деңгээлинин төмөндөшү, буга байланыштуу сатып алуучулук суроо-талаптын жана жалпы эле керектөөчүлүк кыймыл-аракеттин өзгөрүшү да таасир кылды.

О.э. өндүрүмдүн экспорту кыскарышына алып келген ички көйгөйлөр да бар. Кийим тигүү ишканалырынын көбөйүшү рессурстарга, жумушчу күчкө жана сурам-буйрутмалар үчүн ички атандаштыктын сөзсүз жогорулашына алып келди. Жогоруда белгиленгендей, рентабелдүүлүк эки эсе кыскарды. Сырткы рыноктордо атаандаштык өндүрүмдүн сапатына жана атаандаштык жөндөмүнө, зарыл көлөмдөгү өндүрүмдү керектүү мөөнөттө чыгарып жетишүү жөндөмүнө талапты жогорулатты. Бул көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн экендиги айкын. Тигүү тамагындагы ишканалар өз ишин оптималдаштыруу, сапатты жакшыртуу, кыйла көп туруктуулукка жетишүү үчүн чоң тажрыйбага, резервдерге ээ.

Бирок, кыязы, тармак өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүүгө, өндүрүштү консолидациялоого, өндүрүмдун сапатын жакшыртууга жана тигүү өндүрүшүнүн баскычтарын кыйла толук камтууга, о. э. тигүү өндүрүш рыногунун жаңы сегменттерине жана жаңы рынокторго чыгууга багытталган түзүмдүк кайра өзгөрүү зарылчылыгы алдында турат.

Мындай шартта Бишкек менен Чүй областынын ишканаларынын негизинде толук кандуу кийим тигүү кластерин түзүү өндүрүш товарларынын көлөмүн жана сапатын, атаандаштык жөндөмүн жогорлатуу үчүн, өндүрүш тизмегинин негизги бөлүктөрүн, анын ичинде кездеме өндүрүшүн кучагына алуу, логистиканы жакшыртуу үчүн олуттуу кадам боло алат.

Аталган маселелерди чечүү ишкерлер өзүлөрү кызыгуу менен катышып жана мамлекеттик органдар талаптагыдай башкаруусу менен бирге олуттуу инвестицияларды талап кылат.