Балык чарбасы

  1. Балык чарба секторунун учурдагы абалынын көрсөткүчтөрү

Өндүрүш көлөмдөрү жана динамикасы

«Балык чарба» өндүрүшүнүн дүң өндүрүмү 2019-жылы 402,0 млн сомду же Кыргыз Республикасынын айыл чарбасындагы бардык өндүрүмдүн 0,2 пайызын түздү. Балык өндүрүшүнүн динамикасы акыркы мезгилде бир топ өзгөрүүлөргө учурады. 2010–2015-жылдар аралыгына 45-65 млн сом деңгээлинде салыштырмалуу туруктуу өндүрүүдөн кийин, 2016-жылдан тартып өсүш башталып, ал 2019-жылдын аягында 402 млн сомго жеткен (1-сүрөт).

 

1-сүрөт. Кыргыз Республикасында балык чарбасынын дүң өндүрүмү, млн сом

 

Натуралдык жактан алганда, 2016–2019-жылдар аралыгында, Кыргыз Республикасында товардык балыктарды өндүрүү 1100 тоннадан 3028 тоннага чейин өсүп, ага жараша, өсүш 50 пайызды түзгөн.

 

1-таблица. Кыргыз Республикасында балык өндүрүү динамикасы*

 

2016 г.

2017 г.

2018 г.

2019 г.

Балык өндүрүү, тонна

2020

2138,4

2577,0

3028,4

* Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балкы чарба департаментинин маалыматы

 

Өндүрүш динамикасынын олуттуу мүнөздөмөсү болуп өндүрүмдүн экспортунун пропорциялуу өсүшү эсептелет. 2-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, балык чарбасында дүң өндүрүмдүн динамикасы экспорттун өсүшүнө толук төп келет.

 

2-сүрөт. Балык чарбасында өндүрүмдүн жана экспорттун динамикасы, миң АКШ доллары[1]

 

Кыргыз Республикасынын калкы тарабынан балык өндүрүмүнүн керектелиши

Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги азык-түлүк өндүрүмдөрүн керектөөнүн физиологиялык орто ченемине ылайык[2], балыкты керектөө жылына 9,1 кг кем болбошу керек. Кыргыз Республикасынын социалдык-демографиялык негизги топтору үчүн жашоо наркынын зарыл ченемине ылайык[3], зарыл азык-түлүк топтомуна балык (судак) кошулган, аны керектөө айына 0,35 кг (жылына 4,2 кг) кем болбошу керек.

Азыркы кезде Кыргызстанда «Балыкты жана балык азыктарын» керектөө адам башына [4] айына 0,1 кг (жылына 1,2 кг) түзөт.

 

Экспорт жана сатуу рыногу

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, балыкты экспорттоо 2014–2019-жылдар аралыгында наркы боюнча 2 миң доллардан 4250 миң долларга чейин (номинал) өскөн. 2019-жылы 2340,8 тонна өндүрүм экспорттолгон.

Өлкөлөр жана экспорттолуучу өндүрүмдүн түрү боюнча экспорттун түзүмү төмөнкүдөй.

 

3-таблица. Кыргыз Республикасынан балык экспорттоо, 2019-жылды январь–декабрь айлары*

 

 

Жаңы же муздатылган балык (0302)

Тоңдурулган балык (0303)

Балыктын сулп эти ж. б. балык эти (анын ичинде майдаланга эти) (0304)

Кургатылган, туздалган, ышталган, кайра иштетилген ж. б. балык (0305)

Бардыгы

Бардыгы

Тонна

115,9

590,4

1634,1

0,4

2340,8

 

миң АКШ доллары

304,4

2473,3

1467,4

4,9

4250,0

Казакстан

Тонна

74,4

67, 6

4,3

0,2

146,5

 

миң АКШ доллары

190,1

108,2

6,8

0,9

305,9

Россия

Тонна

41,5

522,6

0,4

0,2

564,7

 

миң АКШ доллары

114,3

2364,5

2,5

4,0

2485,3

Литва

Тонна

 

 

1629,4

 

1629,4

 

миң АКШ доллары

 

 

1458,1

 

1458,1

БАЭ

Тонна

 

0,2

 

 

0,2

 

миң АКШ доллары

0,0

0,6

 

 

0,6

 

*Кыргыз Республикасыын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы.

 

Баарынан көп балык 2019-жылы Литвага экспорттолгон — салмагы боюнча жалпы экспорттун 69,6 пайызы. Экспорттолгон продукция — Балыктын сулп эти ж. б. балык эти (ТЭИ ТН коду 0304898000). Бул багытта экспорт 2018-жылыб олгон эмес. 2020-жылдын биринчи жарымында Литвага аталган өндүрүм 491 миң АКШ долларына 635 тонна экспорттолгон.

Балык экспорттоонун жалпы түзүмүндө балыкты Россияга экспорттоого 2019-жылы 24 пайыз туура келген. Негизинен «Тоңдурулган балык» (РФке балык экспортунун 93 пайызы) жана калгандары — «Жаңы, муздатылган балык» экспорттолгон.

«Товарлар жана өлкөлөр боюнчач Россиянын экспорту жана импорту» сайтынын[5] маалыматы боюнча, тоңдурулган форель 2019-жылы, о. э. 2018-жылы Омск областына экспорттолгон. 2018-жылга чейин аталган сайттын маалыматы боюнча балык Россияга сатылган эмес.

«Россиянын тышкы соодасы» сайтынын маалыматына ылайык[6], Россияга «Балык жана чаян түрдүүлөр, моллюскалар ж. б. омурткасыз суу жандыктары» өндүрүмүн экспорттоочулардын ичинде Кыргызстан 2019-жылы 25-орунду ээлеген (2018-жылы — 32-орун). Россияга эң ири экспортточулар 2019-жылы Чили, Фарер аралдары, Кытай, Беларусь болду. Армения 12-орунду, Казакстан 22-орунду ээлеген.

Балыкты Казакстанга экспорттоо 2019-жылы 6,3 пайызды түздү. Негизинен «Жаңы, муздатылган» балык — 51 пайыз жана «Тоңдурулган балык» — 46 пайыз экспорттолгон. Балык башка өлкөлөргө (БАЭ, Тажикстан) өтө аз санда экспорттолот.

 

4-таблица. Өндүрүмдүн түрлөрү боюнча 2019-жылы Кыргыз Республикасынын экспорттук абалы

Коду

Өндүрүмдүн аталышы

тонна

миң АКШ доллары

1 кг баасы, АКШ доллары

0302

Балык, жаңы же муздатылган

115,9

304,4

2,6

0303

Балык, тоңдурулган

анын ичинен:

590,4

2473,3

4,2

 

Форель, тоңдурулган

335,2

1577,0

4,7

 

Форель, ичегиси жок, салмагы 1,2 кг ашык, тоңдурулган

241,7

827,9

3,4

 

Башка форель

12,0

67,2

5,6

0304

Балыктын сулп эти ж. б. балык эти (анын ичинде майдаланган)

анын ичинен:

1634,1

1467,4

0,9

 

Удильщик балыгынын сулп эти, мороженое

1629,4

1458,1

0,9

0305

Балык кургатылган, туздалган, ышталган, кайра иштетилген ж. б.

0,4

4,9

12,2

Жалпы

2340,8

4249,9

1,8

 

Экспорттолуучу өндүрүмдүн ичинен эң жогору нарктуусу «Балык кургатылган, туздалган, ышталган, кайра иштетилген ж. б.» —  1 кг 12,2 доллар. Алар Россия менен Казакстанга сатылат. Бирок экспорттолуучу көлөмдөр өтө аз.

Ар кандай түрдө сатылуучу «Тоңдурулган форелдин» баасы жогору: 1 кг 3,4 доллардан 5,6 долларга чейин. Ошону менен катар баасы 3,4-4,7 доллар турган форелдин экспорттук көлөмү баарынан көп

Балык чарбасын жүргүзүүчү субъекттилер

Мамлекеттик сектор

Мамлекеттик ишкана болуп Тоң балык заводу жана Талас, Соң-Көл, Базар-Коргон, Токтогул жана Өзгөн балык чарбалары эсептелет. Азыркы кезде балыктын уругун өндүрүүчү Тоң балык заводу жана Өзгөн балык чарбасы өз өндүрүшүн сактап келет. Мамлекеттик сектордун калган субъектилери өз өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн түрдүү деңгээлде жоготкон.

Жеке сектордо ишканалар

Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестрине ылайык, азыркы кезде 126 субъект — балык уулоо жана өстүрүү менен алектенүүчү жеке менчик чарбалар иштейт.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында жүгүртүлчү, көзөмөл алдындагы товарларды өндүрүп, иштетүүчү жана (же) сактоочу уюмдар менен тараптардын реестрине балык өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү 12 ишкана кирет.

5-таблица. Балык чарба субъектилери областтар боюнча

Область

Чарбалар бардыгы

Өстүрүлчү балыктын түрү

Типы рыбного хозяйства

карп түрүндөгү

лосось түрүндөгү

карп жана лосось түрү

ак балык (сиг) түрүңдөгү

неполносистемные

полносистемные

Чүй областы

89

80

6

2

 

88

 

Ысык-Көл областы

21

20

 

1

 

20

1

Талас областы

6

3

1

1

1

5

 

Нарын областы

3

1

1

1

 

3

 

Жалал-Абад областы

5

1

4

 

 

3

2

Ош областы

2

1

1

 

 

1

1

 

Балык чарба субъектилери Чүй жана Ысык-Көл областтарында баарынан көп жайгашкан — 87 пайыз. Бардык субъектилердин ичинен 84 пайыз чарба карп түрүндөгү балык менен, 10 пайыз чарба— лосось түрүңдөгү, 5 пайыз чарба ак балык (сиг) түрүндөгү жана 1 пайызы карп жана лосось түрүндөгү балыктар менен алектенет.

Бардык чарбалардын ичинен 120 чарба толук тутумдуу эмес жана 4ү толук тутумдуу болуп эсептелет [7]. Акыркыларга мамлекеттик ишканалар: «Тоң балык заводу», «Өзгөн балык чарбасы» мамлекеттик ишканасы жана эң ири жеке менчик ишканалар: «Эфтар Агро Комплекс» ЖЧК жана «Аква Сервис» ЖЧК кирет.

Өстүрүлчү балыктар жагынан алганда толук тутмдуу болуп төмөнкүлөр эсептелет: карп түрү боюнча 108 чарбанын бири гана, лосось түрү боюнча 13 чарбанын экөө толук тутумдуу. Карп жана ак балык (сиг) түрлөрү менен алектенүүчү Тоң балык заводу да толук кандуу чарба болуп эсептелет.

 

6-таблица. Балык чарба субъектилери өстүрүлчү балык түрлөрү боюнча жана чарбанын түрү боюнча

Өтүрүлчү балыктардын түрү

Чарбалар бардыгы

Юадык чарасынын түрү

Толук тутумдуу эмес

Толук тутумдуу

Карп

108

106

1

Лосось

13

11

2

Ак балык (сиг)

1

1

 

карп, лосось

3

2

1

 

Балык чарбачылыгы үчүн суу ресурстары

Балык өндүрүү жана суу жандыктарын өстүрүү менен алектенүүгө боло турган көл, суу сактагыч, көлмөлөрдүн жалпы аянты 701100 га. Кыргызстандын суулары олиготрофтуу, баштапкы өндүрүмдүүлүгү төмөн — органикалык заттар аз камтылган.

Кыргыз Республикасында узундугу 10 км ашык болгон 2000ден ашуун дарыя бар, ал эми алардын жалпы узундугу 35 миң км жакын, аларды сүйүүчүлүк балык чарбасы үчүн, о. э. жаңы балык чарба жайларын суу менен камсыыз кылуу үчүн пайдаланууга болот.

Көлмө түрүндөгү суу фондунун жалпы аянты азыркы кезде 1020 га түзөт, анын ичинде азыктандыруучу — 825 га жана өстүрүүчү — 195 га.

 

  1. Айрым тыянактар
  • Кыргыз Республикасы балык чарбасын өнүктүрүү үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөргө ээ. Кыргызстанда натыйжалуу иштей турган балык чарба комплексин өнүктүрүүгө боло турган таза суу объектилери көп. Өндүрүштү өсүшүнө түрткү берүүчү факторлор болуп балык өндүрүмдөрүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатуу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүтөр, балыкка жана балык азыктарына ички рынокто суроо-талаптын өсүшү эсептелет.

О.э. балык чарба субъектилеринин ири долбоорлорду пландап аткарууга жана чет өлкөлөрдө өндүрүмдү сатуу үчүн рынокторду табууга мүмкүндүк бере турган ишкердик жогорку активдүүлүгүн жана өзүн уюштуруучулугун белгилөө маанилүү. Кыязы, бул факторлор акыркы жылдары өндүрүмдү чыгарып экспорттоонун тез өсүшү үчүн чечүүчү болду.

Балык чарба комплексин өнүктүрүү төмөнкү көйгөйлөргө туш болот:

  • Өлкөнүн ири балык чарба суулары балык ресурстарын жоготкон шартта, балык өстүрүү балыкты өндүрүүнүн негизги багыты болуп эсептелет. Ошону менен бирге бир катар татаал маселелр бар: жаңы жасалма көлмөлөрдү куруу олуттуу капиталдык чыгымды талап кылат, Ысык-Көлдө капас балык чарбасын (балыктын лосось түрүн өстүрүүгө) тыюу салынган жана сугат анаже суу энергетика багытындагы көпчүлүк башка көлмөлөрдө техникалык жаткан оор, бассейндик балык чарбасын өнүктүрүү көпчүлүгү сугат үчүн пайдаланылчу дарыя сууларына жетишүү менен коштолот.
  • Ири рынокторго туруктуу экспорттоону камсыз кылуу үчүн өндүрүш көлөмүнүн салыштырмалуу чакан болушу. Алсак, тоңдурулган форелди Россияга экспортто 1,9 млн калкы бар, анын ичинен 1,1 млн Омск шаарында жашаган Омск областына гана жүрөт.
  • Кыргызстанда балык тоютун чыгарга ири өндүрүш жок. Адистердин баасына ылайык, балык өндрүүчүлөрдүн тобтка кетирген чыгымы өндүрүмдүн оздүк наркынын 65-70 пайызын түзөт. Мисалы, балыктар үчүн жогорку сапаттагы тоют чыгаруу жөнгө салынган Европа өлкөлөрүндө, тоютка 25-35 пайыз кетет[8]. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштык жөндөмүн төмөндөтөт, балык өстүрүүнүн өрчүшүн кармап турган маанилүү фактор болуп эсептелет.
  • Учурда республиканын балык чарба комплексинде салыштырмалуу толук өндүрүш циклине ээ ири эки компания (толук тутумдуу чарба) калыптанган. Алардын урук берчү балыктын үйүрүн багып жана балык өстүрүүгө материал алуудан тартып балыкты товардык абалга чейин өстүрүп экспортко тапшырганга чейинки өндүрүш цикли бар. Андан тышкары, бул ишканалар өз ишин балыкты кайра иштетип, өз соода түйүндөрү аркылуу сатууга, о. э. балык үчүн тоют сатып алып, өндүрүп жана сатууга чейин кеңейтип жатышат.

Калган балык чарба субъектилери бүтүндөй өндүрүш циклинин кайсы бир бөлүгүн гана камтый турган толук тутумдуу эмес болуп эсептелет.

  • Кыргызстандын балык чарба комплексинде кластерлерди түзүү өндүрүш көлөмүн жогорулатуу, балык өндүрүмүнүн талаптагыдай сапатын жана экспорттук өсүшүн камсыз кылуу үчүн башкы багыттардын бири боло алат. Ошону менен катар, балык чарба комплекстеринде негизги өндүрүм боюнча адистешилген жана акчанын кыска жүгүртүүсү менен тик түрүндөгү кластрелерди түзүү боюнча эл аралык тажрыйбаны кайталоо эрте экендиги айкын (буга асыл тукум чарбалары кирбейт).

Балык чарба субъектилеринин өнүгүү бөтөнчөлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасына кластерерди негизинде өнүктүрүүгө болот. Туурасынан түрүндөгү кластерлерди куруу анык ишке ашарлык болуп эсептелет, бул нарк тизмегинин алкагында өндүрүүчүлөрдү интеграциялоо багытында жогорку активдүүлүктүн болушун болжобойт.