Өсүмдүк өстүрүүчүлүк

  1. Өсүмдүк өстүрүүнүн учурдагы абалынын көрсөткүчтөрү
  • Айыл чарба өлкөнүн экономикасында

Айыл чарба Кыргызстандын экономикасында түзүмдү жаратуучу тармак болуп эсептелет жана мамлекеттин бардык өнүктүрүү стратегияларында туруктуу артыкчылыктуу орунду ээлейт. Айыл чарба менен калктын 20 пайызы алектенет. Жакырлардын саны дайыма шаарларга караганда жогору болгон айыл жеринде калктын 66 пайызы жашайт.

Кыргыз Республикасынын ИДӨ түзүмүндө айыл чарбанын үлүшү эгемендүүлүк алган мезгилден тартып 2016-жылга чейин улам кыскарып отуруп, андан соң бул көрсөткүч 12 пайыздан бир аз жогору деңгээлде салыштырмалуу турукташкан.

 

1-сүрөт. ИДӨдө “Айыл чарбанын, токой чарбасынын, балык чарбасынын” үлүшү, % менен

 

2-сүрөт. Анык ИДӨнүн жана динамикасы жана Айыл чарбанын, токой чарбасынын, балык чарбасынын динамикасы, 2015-ж. = 100%

Айыл чарбада анык кошумча дүң нарктын көлөмү 2015-жылдан бери жыл сайын болжол менен 3 пайызга туруктуу өсүп келиши 2019-жылы аны 11 пайызга көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Ошону менен катар бардык экономика аталган мезгил аралыгында чоң тездик менен өсүп, 2019-жылга карата 2015-жылга салыштырмалуу 18 пайызга өстү.

Айыл чарбанын өсүш тездигинин турктуулугу ага мүнөздүү тобокелчиликтерди эске алганда жалпысынан оң фактор болуп эсептелет. Бирок ар жылкы өсүш чоңдугу, айрыкча, пайдаланылбаган мүмкүнчүлүтөрдү жана бул тармактын олуттуулугун эске алганда, инерциялуу болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, аңчылык жана токой чарба өндүрүмүн дүң өндүрүмү өсүмдүк чарбасын жана мал чарбасын өзүнө камтып, алардын жалпы үлүшу 97 пайызды түзөт. Калган 3 пайызы «кызматтарга, аңчылык менен токой чарбасына, балык чарбасына» туура келет.

Каралып жаткан 2015–2019-жылдар аралыгында өсүмдүк жана мал чарба өндүрүш көлөмдөрү салыштырмалуу тең салмакта (наркы боюнча) сакталып, биринчисинин пайдасына бир аз, 1-2 пайыз жылышта болгон. Ошону менен катар өсүмдүк өндүрүшүнүн физикалык көлөмү аталган мезгил аралыгында 12,9 пайыз, мал чарбалыгында 10,5 пайыз өсүп, андан аркы түзүмдүк жылыштардын болушу мүмкүн экендигин күбөлөй алат.

 

Айыл чарба чарбалык кылуучу субъектилердин саны жана өндүрүштө алардын үлүшү

Айыл чарба чарбалык кылуучу субъектилердин саны (2018-жылдын акырында) 440055 бирдикти түзүп, анын ичинде 439602 фермердик чарба, 295 кооператив, 427 жамааттык чарба болгон [1].

Өсүмдүк чарбасында дүң өндүрүмдүн жалпы көлөмүнүн 75 пайызын дыйкан (фермердик) чарбалар, 23 пайызын жарандардын жеке көмөкчү чарбалары, калганын мамлекеттик жана жамааттык чарбалар өндүрөт.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүшүндө майда товар өндүрүүчүлөрдүн басымдуулук кылышы институциялык көйгөй жана инвестицияларды тартып, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга бөгөт болуп эсептелет.

  • Өсүмдүк чарбасына өндүрүштүн башкы түрлөрүнүн көлөмү жана динамикасы

2015–2019-жылдарда айыл чарба өндүрүмүнүн бардык түрлөрү боюнча өндүрүш жогорулаган [2]. Жүзүм, күрүч, жемиш-мөмө, арпа, о.э пахта өндүрүшү 20 пайыздан ашык өскөн. Дан-буурчаак жана дандык жүгөрү өндүрүшү 10 пайыздан ашык өскөн. Жашылча жана дан өндүрүшү 10 пайызга жакын өскөн. Акыркы топко кант кызылчасы да кирет, аны өндүрүү 2016–2019-жылдары 5 пайыз жогорулаган.

Мал тоютун өндүрүүнү жогорулатуу үчун пайдаланууга боло турган арпа менен жүгөрү өндүрүүнүн тез өсүшүн да белгилөө керек.

Өндүрүмдүн төрт түрү боюнча 2015–2019-жыл аралыгында: картофель өндүрүү 3 пайыз, буудай 15 пайыз, тамеки 30 пайыз жана май алынчу өсүмдүктөр 37 пайыз кыскарган.

Азык-түлук коопсуздугу үчүн негизги өсүмдүк өндүрүмдөрүн чыгаруу 2019-жылы төмөнкүлөрдөн турду: буудай — 601,2 миң тонна, картофель — 1373,8 миң тонна, жемиш-мөмө — 269,5 миң тонна, жашылча жана бакча өсүмдүтөрү — 1379,4 миң тонна, май алынчу өсүмдүктөр — 31,1 миң тонна, кант кызылчасы — 741,1 миң тонна. Өз өндүрүш төмөнкүлөр боюнча азык-түлүк коопсуздугу критерийлерине туура келбейт: буудай (нан азыктары), жемиш-мөмө, май алынчу өсүмдүктөр.

Конкреттүү айыл чарба өндүрүм чыгаруу көлөмүн рыноктук факторлордун таасири астында фермер өзү аныктайт, бул болсо өнүгүү үчүн эң негиздүү механизм болуп эсептелет. Ошону менен катар конкреттүү продукцияны мезгил-мезгили менен ашыкча өндүрүү же СОVID-19га байланыштуу болгондой,  азык-түлүк коопсуздугу маселелеринин курчушу мындай маселелерди чечүү үчүн мамлекет кыйла натыйжалуу инструменттерди колдонуу зарылчылыгын жаратат.

  • Экспорт жана сатуу рыноктору

Айыл чарба өндүрүмү Кыргыз Республикасынын ири экспортун түзө тургандардын бири. Өсүмдүк чарбасынын өндүрүмдөрүн 07 «Жашылча жана айрым жегиликтүү тамыр өсүмдүктөрү» жана 08 «Жегиликтүү жемиш жана жаңгактар, цитрус жемиштеринин кабыгы же коондун кабыгы» товардык топтор боюнча экспорту 2019-жылы өлкөнүн жалпы экспортунун 6,5 пайызын түздү.

 

1-таблица. ЕАЭБ ТЭИ ТН 07, 08 топтор боюнча Кыргыз Республикасынын экспортунун түзүмү [3] (млн доллар)

Топтун коду *

Аталышы

2015

2016

2017

2018

2019

07

Жашылча жана айрым жегиликтүү тамыр өсүмдүктөрү

60,9

92,8

75,2

63,2

86,3

08

Жегиликтүү жемиш жана жаңгактар, цитрус жемиштеринин кабыгы же коон кабыгы

29,0

31,4

34,2

29,2

41,8

 

Бардыгы

89,9

124,2

109,4

92,4

128,1

 

Экспорттолуучу негизги өндүрүмдөр: жашылча, буурчак, кургатылган жемиш, жаңгак, жүзүм, алма жана алмурут, өрүк, алча, картофель, пияз ж.б. Баарынан көп жашылча, буурчак экспорттолгон (0713-топ) — 71, 6 млн доллар, анын ичинен Турцияга экспорт 26,1 млн долларды, Иранга 9,7 млн долларды, Россияга 9,3 млн долларды түзгөн.

Өсүмдүк өндүрүмдорүн экспорттоо көлөмү туруктуу өсүшкө ээ. ЕАЭБ өлкөлөрү жана биринчи кезекте Россия менен Казакстан Кыргызстанда өсүмдүк өндүрүмдөрүн экспорттоо үчүн эң ири жана жеткиликтүү рынок болуп эсептелип, ал жактарга бул өндүрүмдөрдүн жалпы экспортунун 43 пайызы жөнөтүлөт.

 

2-таблица. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө ЕАЭБ ТЭИ ТН 07, 08 топтор боюнча 2019-жылдагы экспортунун түзүмү (млн доллар)

Топтун коду

Аталышы

Наркы, млн сом

доля страны

07

Жашылча жана айрым жегиликтүү тамыр өсүмдүктөрү

Анын ичинде

 

 

 

Беларусь

0,3

0,3%

 

Казакстан

6,8

7,9%

 

Россия

14,7

17,0%

08

Жегиликтүү жемиш жана жаңгактар, цитрус жемиштеринин кабыгы же коон кабыгы

Анын ичинде

 

 

 

Беларусь

 

 

 

Казакстан

8,3

20%

 

Россия

25,1

60%

 

Беларусияга жаңы картофель, пияз, капуста жана буурчак экспорттолот (07-топ).

Казакстанга баарынан көп (07-топ) пияз, жашылча, буурчак ж.б., о.э. (08-топ) алма, алмурут, жүзүм, кургатылган жемиш экспорттолот.

Россияга биринчи кезекте (07-топ) буурчак, пияз, жашылча, сабиз, жаңы помидор, капуста ж.б., о.э. (08-топ) кургатылган жемиш, өрүк, алча, жаңы бышкан жүзүм ж.б. экспорттолот.

«Россиянын тышкы соодасы» сайтынын[4] маалыматы боюнча, «Жашылча жана айрым жегиликтүү тамыр өсүмдүктөрү» тобунан товарларды Россияга импорттоо түзүмүндө Кыргызстан 2019-жылы 1 пайыз үлушү менен 15-орунду ээлеген. Кытай РФке импорттоо түзүмүндө 22 пайыз үлүшү менен алдыңкы орунда турат, Азербайжан экинчи орунда (үлүшү 13 пайыз), Турция үчүнчү орунда (үлүшү 9,5 пайыз) турат. Беларусь 4-орунда (үлүшү 9,1 пайыз), Өзбекстан 9-орунда (үлүшү 3,6 пайыз), Армения 11-орунда (үлүшү 2 пайыз), Казакстан 12-орунда (үлүшү 1,7 пайыз).

«Жегиликтүү жемиш жана жаңгактар, цитрус жемиштеринин кабыгы же коон кабыгы» тобунан поварларды Россияга импорттоо түзүмүндө Кыргызстан 2019-жылы арзыбаган 0,12 пайыз улушү менен 39-орунду ээлеген. 2019-жылы экспорттоочулардын биринчи төртүн: Эквадор 21 пайыз үлүшү менен, Турция 16 пайыз, Кытай 6 пайыз, Азербайжан 5,5 пайыз үлүшү менен түзөт. Өзбекстан 2,2 пайыз үлүшү менен 13-орунду, Беларусь 15-орунду (1,7 пайыз), Армения 27-орунду (0,4 пайыз), Казакстан 34-орунду (0,2 пайыз) ээлейт.

Дүйнөлүк банк жүргүзгөн изилдөөдө [5] «Аныкталган салыштырмалуу артыкчылык» (АСА) индекси Кыргызстандан кеген жаңы бышкан абрикос, грек жаңгагы жана жаңы бышкан кара өрүк салыштырмалуу эң чоң артыкчылыкка ээ экендигин көрсөтөт.

 

3-таблица. Кыргызстандын экспорттук өндүрүмдөрүнүн атаандаштык жөндөмүн баалоо

Өндүрүм

Нетто-экспорт (2015–2017-жылдардагы орточо мааниси, АКШ долл. )

АСА (2013-2017-жылдардагы орточо

мааниси)*

Жаңы бышкан абрикос

2 605 524

78,7

Грек жаңгагы (кабыгы менен)

7 331 118

29,0

Жаңы бышкан кара абрикос

637 057

13,4

Алча

505 818

7,5

Кургатылган кара өрүк

210 043

3,2

*«Аныкталган салыштырмалуу артыкчылык» индекси (Баласстын индекси) товардын (тармактын) улуттук экспорттогу үлушүнүн эл аралык экспорттогу үлүшүнө катнашын көрсөтөт.

  • Түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрү жана колдонулчу ресурстар

Түшүмдүүлүк

Кыргыз Республикасында түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрү 2019-жылы төмөнкүлөрдү түздү: дан өсүмдүктөрү — 32,1 ц/га, картофель — 171,3 ц/га, жашылча — 198,7 ц/га, мөмө-жемиштер — 52,9 ц/га[6]. Түшүмдүүлүк динамикасы [7] 2015–2019-жылдар аралыгында төмөнкүдөй өстү: 10 пайыз жана андан жогору — жүзүм, мөмө-жемиш жана май алынчу өсүмдүктөр боюнча, 5 пайыз жана андан жогору — дандык жүгөрү, дан жана пахта боюнча, 5 пайыздан төмөн — буудай, арпа, жашылча, күрүч, тамеки боюнча. Бакча өсүмдүктөрү боюнча түшүмдүүлүк өскөн жок.

Өсүмдүк өндүрүмдөрүнүн түшүмү белгилүү бир деңгээлде өскөнүнө карабай, Кыргызстан түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн олуттуу чараларга муктаж. Алсак, Кыргыз Республикасына ЕАЭБ өлкөлөрүнө салыштырмалуу дан жана дан-буурчак өсүмдүктөрү боюнча гана түшүм жогору, жогоруда аталган бардык башка өсүмдүктөр боюнча төмөн[8].

Мындай абалдын узак убакыт сакталышы тышкы рыноктордо өсүмдү өндүрүмдөрүнүн атаандаштык жөндөмүнө терс таасир кылышы ыктымал.

 

Колдонулчу табигый ресурстар

Жер ресурстары. Айдоо аянты 2015–2019-жылдар аралыгында 0,5 пайыз өсүп, 2019-жылы 1287584 га болду[9] (мамлекеттин бүтүңдөй аянтынын 6,4 пайызы). Кыргыз Республикасы чектелүү айдоо аянттарына ээ, алсак, 1 адамга (туруктуу жашоочуга) 2019-жылы 0,2 га айдо оаянты туура келип, ал жыл сайын кыскарууда. Салыштыруу үчүн дүйнөлүк эң начар көрсөткүчтөр [10]: Кытай — 0,08 га, Япония — 0,03 га, эн мыктылары[11]: Украина — 56,1 га, Молдова — 53,7 га.

Өсүмдүк өстүрүүгө бөлүнгөн аянттар 2015–2019-жыл аралыгында өстү: жашылчалар боюнча — 4 пайыз, күрүч боюнча — 31 пайыз, арпа — 19 пайыз, жүгөрү — 4 пайыз, кант кызылчасы — 27 пайыз (2016-жылдан бери). Айдоо аянттары кыскарган: буудай боюнча — 19 пайыз, картофель — 6 пайыз, бакча өсүмдүктөрү — 3 пайыз, жүзүм — 24 пайыз, май алынчу өсүмдүктөр — 40 пайыз.

 

Суу ресурстары. Кыргызстанда суу ресурсунун жалпы көлөмү жылына 560,6 км3 түзөт, анын болжол менен менен 48,7 км3 — дарыя агын суулары [12]. Кыргызстанда керектелүүчү суунун жалпы көлөмү жылына 10-12 млрд. куб. м деп бааланат[13]. Суу нуктары, каналдар, сугат курулмалары аркылуу жеткирүүдө жоготулган суу 1,7-2,3 млрд. куб. м жетет. Сугат жерлерин суу менен камсыз кылууга негизинен майда агын суулар колдонулуп, алар менен 800 миң га аянт же бардык сугат аянтынын 76 пайызы сугарылат. Тоо булактарынан агымдарды жетишсиз жөнгө салынган, 80 миң гана га (11 пайыз) жер аянты жөнгө салынган булактардан сугарылат (б.а. суу үнөмдөөчү гидротехникалык жабдуулар колдонулат), калган 720 миң га жандуу агымдан сугарылат.

Кыргызстандын суу ресурстарынын зор корлору жерлерге өтө тең эмес бөлүштүрүлгөн. Бул айдоо аянтарына сууну жеткирүү үчүн өндүрүмдүн өздүк наркын жогорулата турган суу сордургучтарды активдүү колдонууга жана тамчылатып сугарууну кенен колдонууга аргасыз кылат.

 

Айыл чарбаны каржылоо

Мамлекеттик каржылооМамлекеттик түз каржылоо жыл сайын «Айыл чарбаны каржылоо» долбоорунун алкагында жүрөт.

Өкмөт долбоорду ишке ашырууга катышуучу каржы-насыялык уюмдар менен келишимдер боюнча үстөк пайыздарды субсидиялайт. Насыялоо шарттары жыл жайын жаңыланат. Каржы каражаттары өсүмдүк чарбасын, мал чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү жана айыл чарба тармагындагы кызматтар үчүн жеңилдетилген үстөк пайыз менен берилет.

Республикалык бюджетте аталган долбоор үчүн 2018–2020-жылдарга 1 млрд 50 млн сом каралган.

Айыл чарба ишканаларына мамлекеттик түз инвестициялар жок (амлекеттик чарбалардан тышкары). Ошону менен катар мамлекет сугат тутумун өнүктүрүү жана ишин колдоо боюнча абдан чоң чыгымдарды тартып келет.

Коммерциялык банктар тараптан насыялоо. Айыл чарбанын жакшы насыячылары – Айыл банкы, РСК-банкы, микро-каржылык уюмдар, о.э. насыялоо процессине Кепилдик фонду катышат.

2019-жылы жана 2020-жылдын эки айында (мезгил аралыгында) коммерциялык банктар тарабынан берилген, эң чоң суроо-талап ка ээ[14] насыялар болуп 1-3 жылдык мөөнөткө улуттук валютада берилген насыялар эсептелет (2019-жылы бардык насыялардын 61 пайызы, 2020-жылы — 54 пайызы), андан кийин – үч жылдан ашык мөөнөткө (2019-жылы бардык насыялардын 20 пайызы, 2020-жылы — 28,4 пайызы) жана 6-12 айлык мөөнөткө берилген (2019-жылы бардык насыялардын 18,6 пайызы, 2020-жылы — 17 пайыз) насыялар эсептелет. Чет элдик валютада 0-1 айлык мөөнөткө (2019-жылы бардык насыялардын 65,6 пайызы, 2020-жылы — 53 пайызы) жана 3 жылдан жогору мөөнөткө (2019-жылы бардык насыялардын 28 пайызы, 2020-жылы — 43,5 пайызы) берилген насыялар. Насыялардын валюта боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй: 0-1 айлык мөөнөткө — 100 пайыз чет элдик валютада, 1-3 ай., 3-6 ай., 6-12 ай. мөөнөткө — 100 пайыз улуттук валютада, 1-3 жыл жана андан көп мөөнөткө —  91ден 99 пайызга чейин улуттук валютада.

  1. Айрым тыянактар

Кыргыз Республикасы түрдүү өндүрүм сегменттери боюнча Россиянын рыногунда айыл чарба өндүрүмүн экспорттоочу катары өтө аз катышат. Россия багытында экспорттоо жагынан өлкө Азербайжан, Өзбекстан, Белоруссия, Казакстан, Армения, о.э. Египет, Израиль, Турция, Иран ж.б. өлкөлөрдөн кыйла артта.

Кыргызстан жаңы бышкан абрикос, грек жаңгагы (кабыгы менен), жаңы бышкан жана кургатылган кара өрүк, алча сыяктуу өндүрүмдөрдү дүйнөлүк рынокко экспортоо жагынан абдан чоң мүмкүнчлүктөргө ээ. Абдан кенен жана аз өздөштүрүлгөн багыт болуп Кытай эсептелет.

Кыргызстан айыл чарба өндүрүмүн экспорттоонүн өсүшүнө бөгөт болуп жаткан өндүрүшжыйнагандан кийин иштетүүмаркетинг деңгээлинде көп сандагы чечилбеген көйгөйлөргө жана техникалык бөгөттөргөинституциялык чектөөлөргө ээ. Бул маселелерди чечүү бүтүндөй бир конкреттүү өндүрүш-тиричилик тизмегинин натыйжалуулугу менен тең салмактуулугу камсыз кылына турган комплекстүү ыкма-жолдорду талап кылат.

Кыргызстандын областтарында кластерлерди түзүү факторлорунун бар экендиги боюнча

Маселелерди чечүүнүн башкы инструменти кластерлерди түзүү жана өнүктүрүү жолу боло алат жана болушу керек. Аталган жол мыйзамдарды өнүктүү, долбоорго багытталган чечимдерди колдонуу, ыйгарымдуу бийлик түзүмдөрүнүн чечимдерди аткаруу, усулдук жана каржылык колдоо жол-жоболорун, о.э. айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрдү мотивациялоо, окутуу жана маалымадоо тутумун жакшыртуу милдеттерин чечүүнү талап кылат.

Баткен областы мөмө-жемиштердин эң ири өндүрүүчү болуп эсептелет — өлкөдө өндүрүштүн төрттөн бири туура келет. Областта мөмө-жемиштер менен жашылчанын түшүмдүүлүгү салыштырмалуу жогору, мөмө-жашылча кластерин түзүү үчүн негиз боло ала турган бир нече кайра иштетүүчү ишкана иштейт. «Мөмө берүүчү өсүмдүктөр» кластерин түзүү үчүн алдын ала шарттар бар.

Жалал-Абад жашылча, мөмө-жемиштерди ири өндүрүүчү болуп эсептелет, картофель областта алардан аз өндүрүлөт. Жашылча өндүрүү жер-жерлерде топтолгон, мөмө-жемиш өндүрүү анча топтолгон эмес. Областта жашылчалардын, о.э. мөмө-жемиштердин түшүмү жогору, кайра иштетүүчү ишканалар бар. «Жашылча» өндүрүшү жана «мөмө берүүчү өсүмдүктөр» кластерин түзүү үчүн алдын ала шарттар бар.

Ысык-Көл областы картофель, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн ири өндүрүүчү болуп эсептелет. Картофель өндүрүү жер-жерлерде топтолгон, мөмө-жемиш өндүрүү анча топтолгон эмес. Областта картофелдин түшүмү эң жогору, о.э. мөмө-жемиштин да түшүмү көп. Айра иштетүүчү ишканалар иштейт. «Картофель» өндүрүшү жана «мөмө берүүчү өсүмдүктөр» кластерин түзүү үчүн алдын ала шарттар бар.

Нарын областы чектелген көлөмдө картофель өндүрөт. «Картофель» өндүрүмү боюнча чарбалык мамилелердин кластердик уюшулушун колдонуу, алдын ала баалоо боюнча, максатка ылайык эмес болуп эсептелет.

Ош областы картофелди, жашылча, мөмө-жемиштерди ири өндүрүүчү болуп эсептелет. Жашылча жана мөмө-жемиштерди өндүрүү жер-жерлерде топтошкон. Областта жашылчалардын түшүмү жогору эмес, бирок мөмө-жемиштердин түшүмү жогору. Областта жашылча-жемиш кластерлерин түзүүгө негиз боло ала турган көп сандагы кайра иштетүүчү ишканалар иштейт. «Жашылча» өндүрүшү жана «мөмө берүүчү өсүмдүктөр» кластерин түзүү үчүн алдын ала шарттар бар. «Картофель» өндүрүмү боюнча, кыязы, ички рынокко багытталган, туурасынан түрүңдөгү кластер түзүү мүмкүн.

Талас областы ири картофель өндүрүүчү болуп эсептелет, жашылча жана мөмө-жемиш өндүрүү көлөмү жагынан эки эс аз. Картофель, жашылча жана мөмө-жемиш өндүрүү аймактык жактан топтошкон. Бардык аталган өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү өлкө боюнча орточо деңгээлден жогору. Областта кайра иштетүүчү ишканалар иштейт. Областтын артыкчылыгы — бул Казакстан менен чек арага жакындыгы, бул экспорт үчүн жана чек аралар аралык өндүрүш-тиричилик тизмегинде катышуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. «Картофель» өндүрүмдөрү боюнча кластерлерди түзүү үчүн алдын ала шарттар бар, «жашылча» өндүрүшү жана «мөмө берүүчү өсүмдүктөр» өндүрүмдөрү боюнча кошумча баалоо талап кылынат.

Чүй областы ири картофель, жашылча өндүрүүчү болуп эсептелет. Бул өндүрүмдөрдү чыгаруу аймактык жактан топтошкон. Түшүмдүүлук орто деңгээлдн бир топ жогору. Областта жана Бишкекте көпчүлүк кайра иштетүүчу ишканалар жайгашкан. «Картофель», «жашылча» өндүрүмдөрү боюнча кластерлерди түзүү үчүн алдын ала шарттар бар.