Кластерди өнүктүрүүгө мамлекет кандайча жардам берет

Кластерлерди өнүктүрүүгө мамлекеттин көз карашы

Түдүү өлкөлөрдө мамлекеттин кластерлерди өнүктүрүүнү колдоого катышуусунун түрдүү жолдору колдонулат. Мунун баары жекече жана ар бир өлкө кармануучу экономиканы башкаруу принциптерине жана анын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот. Бирок жалпы жактары да бар.

Түндүк Американын көз карашы жалпысынан кластердик өнүгүү процессине федералдык өкмөттүн аз кийлигишүү саясатын, кластерлерге карата расмий түзүлгөн саясаттын жоктугун болжойт.

Батыш Европанын көз карашы жалпысынан экономикалык өнүктүрүү процессине, кластердик саясатты мамлекеттик деңгээлде иштеп чыгууну, программалык документтерде бекитүүнү, кластердин катышуучуларынын (ЖОЖ, ишкердик, чет элдик компаниялар ж.б.)  ортосунда байланыштын өрчүшүнө түрткү берүүнү алдын ала карайт.

Азия өлкөлөрүндө кластердик өнүгүүнүн бөтөнчөлүгү накта азиялык өзгөчөлүктөр (чыгыш салттарынын чоң күчү, улуттук өндүрүүчүлөрдүн таасиринин өсүшүнө жана ата мекендик товарлардын сырткы рыноктордо алдыга жылышына мамлекеттин активдүү жардамы) менен Батыш Европанын жана Түндүк Американын кластерлеринин мүнөздөмөлөрүнүн айкашынан турат.

Кластердик саясаттын аймактарда түрлөрү  

Кыргыз Республикасында кабыл алынган программадык документтерге ылайык, кластерлерди өнүктүрүү — бул мамлекеттик жана аймактык саясаттын олуттуу бөлүгү. Аймактарда кластердик саясаттын төмөнкү түрлөрүн ажыратып карашат, алар мамлекеттин, жергиликтүү бийлик органдарынын аймактарда кластерлердин өнүгүү процессине кийлигишүү деңгээли жагынан айырмаланат.

Каталитикалык (процессти тездетүүчү) кластердик саясат — бул кызыккан тараптар өз ара чогулуп, кластерди түзүү долбоорун ишке ашырууга чектелүү техникалык жана каржылык колдоо камсыздалышы. Мисалы, биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн байланыш аянтчаларын берүү, кластердин катышуучуларынын биригүүсүнө, анын ичинде катышуучулардын өз ара кызматташуусуна түрткү берүү.

Колдоо көрсөтүүчү кластердик саясат — бул каталитикалык колдоо чараларына кластерди өнүктүрүү үчүн аймактарга, билим берүүгө, тренингге инвестициялар кошулгандагы саясат. Бул институциялык чөйрөнү, алардын өнүгүүсүнө түрткү берүү жолдорун түзүү болушу мүмкүн.

Директивалуу кластердик саясат — бул колдоо көрсөтүүчү саясатка аймактардын адистешүүсүн трансформациялоого, аларда конкреттүү кластерлерди түзүүгө багытталган максаттуу программалар кошулгандагы саясат. Буга жер-жерлерде кластерлерди түзүү үчүн болгон шарттарды аныктоо боюнча чаралар, алардын ошол жерлерге жана социалдык чөйрөгө таасирин баалоо, аймакка зарыл кластердик демилгелерди колдоо кирет.

Интервенциялык кластердик саясат — бул конкреттүү кластерлердин өнүгүүсүнө каржылык жана административдик колдоо көрсөтүү жоопкерчилигин мамлекет өзүнө алгандагы саясат (трансферттер, субсидиялар, кластердеги фирмаларга активдүү административдик көзөмөл ж.б.). Буга аймактык кластерлердин катышуучуларын аныктоо, алардын ортосунда туруктуу байланыштарды түзүү, ҮНТтүн алкагында алардын жалпы өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу, кластердин инвестициялык долбоорлоруна натыйжалуу жана ар кыл колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу ж.б. кириши мүмкүн.

Аймактарда кластердик саясатты ишке ашырууда тобокелчиликтер

Аймактарда кластердик сасатты ишке ашыруунун бир катар тобокелчиликтери бар. Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • Демилгечи топтордун лидерлери менен натыйжалуу менеджерлердин жетишсиздиги, усул-ыкмалардын, тажрыйбанын жоктугу. Кластердик өнүгүү боюнча адистер такыр жетишпейт. Тажрыйбалуу адистердин да кадимки билимдери аздык кылышы мүмкүн.
  • Колдоо үчүн артыкчылыктуу багыттарды жанаже ишканалардын тобун жаңылыш тандоо. Бул кластердин ишин диагностикалоо жана схемасын долбоорлоодогу, кластерди сан жагынан талдоодогу каталарга, “якордук” ишкананын мүмкүнчүлүгүн так эмес баалоого байланыштуу болушу ыктымал.
  • Кластерди жаңылыш долбоорлоо, аны оптималдуу көлөмүнөн ашык көбөйтүү, кластердик саясат иш-чараларынын учурдагы көйгөйлөргө ылайык келбестиги. Бул кластерге көп сандагы катышуучуларды киргизүүгө умтулуу менен байланыштуу болушу ыктымал, бул жалпы долбоорлорду макулдаштырып жана ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү, о.э. долбоорлонуп жаткан кластерди, анын туруктуулугу менен жагымдуулугунун шарттарын начарлатат.