Кластер түзүү принциптери жана түрлөрү

Кластерге катышуунун башкы принциби — ыктыярдуулук, ар бир катышуучу кластерге кирүү же андан чыгуу чечимин өз алдыеча кабыл алат. Анан калса, бир мезгилде бир нече кластерге кирсе болот. Бир катар чет элдик кластерлерге мүчө болуу расмий гана болуп эсептелет жана, эреже катары, мүчөлүк акы төлөөдөн тышкары, катышуучулардын эч бир башка милдеттери жок. Бирок о. э. кластерге кирүү кайсы бир милдеттемелерди өзүнө алуу менен, ал эми чыгуу мындай учурлар үчүн мурдатан макулдашылган милдеттемелерди аткаруу менен коштолушу мүмкүн.

Кластер түзүүнүн башкы шарты болуп катышуучулардын бири бирине ишеничи жана кызыкчылыктарынын жалпылыгы эсептелет. Эгер анын катышуучуларында өз ара төп келген жана бири бирин толуктап турган көйгөйлөр, муктаждыктар жана максаттар болсо, кластер түзүлүп жана өнүгөт.

Кластердин башкы өзгөчөлүгү болуп анын катышуучулары менчик укугу жана аны сырттан түз башкаруу мүмкүнчүлүгү менен байланышпагандыгы эсептелет, алар каржылык-юридикалык өз алдынчалыгын сакташат жана өз ара атандашууну улантышат.

Ошону менен катар, эгер кластерге катышуудан кошумча пайдага айлана турган болсо, алар айрым милдеттерди чечүүнү башкаруунун жалпы түзүмүнө багыштай алат.

 

«Үч катар спираль» принциби

Өнүккөн өлкөлөрдө заманбап кластерлер «үч катар спираль» принциби боюнча куралат (мамлекеттин, ишкердиктин жана илимдин тармактык өз ара аракети). Эки-экииден (ар бири ар бири менен) жуп түрдөгү мамилелер эми жетишсиз деп эсептелет. Оптималдуу башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн бардык үч актордун (мамлекеттин, ишкердиктин жана илимдин) тармактык тартипте өз ара аракети, б. а. алардын толук кандуу ич катар спиралды түзүшү талап кылынат.

«Үч катар спираль» механизминин алкагында бул акторлор байланыштарды өз ара чырмалыштыруу менен жөн гана кызматташпастан, бири бирине мүнөздүү функцияларды өзүлөрүнө алат, бул болсо үзгүлтүксүз жаңылануу жана инновациялар натыйжасын камсыз кылат.

 

Кластерлердин түрү

М. Портер кластердин төмөнкү түрлөрүн сунуштаган:

Тик кластерлер — бул өндүрүмдү чыгаруунун чектеш баскычтарында үстөк нарк тизмегиндеги (ҮНТ) «сатып алуучу-сатуучу» мамилелери менен байланышкан компаниялардын топтому.

Туурасынан кластерлер — бул товарлардын жалпы рынокторун өз ара бөлүшө алган, бирдей технологияларды, кесиптик квалификациясы жана көндүмдөрү боюнча салыштырууга боло турган жумушчу күчтү ж. б. жалпы ресурстарды пайдаланган компаниялардын топтому.

Азыркы илим түрлөргө бөлүүнүн көп сандагы башка жолдорун сунуштайт. Эң көп кездешкени төмөнкүлөр.

Инновациялык кластерлер — бул бир сектордо жана аймакта топтолгон, инновациялык активдүүлүккө түрткү берүүгө багытталган, өз ара активдүү кызматташкан — билим, иш билгиликтер, компетенциялар) менен өз ара алмашып, кызматташуу тармактарын ж. б. түзгөн инновациялык компаниялардын (стартаптардын, изилдөө уюмдарынын ж. б.) топтому.

Аймактык кластерлер — бул географиялык жактан топтолгон (жайгашкан жери дайыма эле аймактардын административдик чек араларына төп келе бербейт), бир нече чектеш тармакка кирүүчү жана алардын институттарын колдоочу компаниялардын топтому, анда синергия катышуучулардын атандашуусу менен кызматташуусунун жардамы менен жетишилет.

Тармактык кластерлер — бул кызматташтык жана атаандаштык байланыштардын негизинде, жана синергиялык таасирдин эсебинен атаандаштык артыкчылыктарын өз ара күчтөндүрүү жөндөмү менен айырмалануучу тармактык жана чектеш компаниялардын топтому.

Кыргызстанда кластерлердин ар кыл түрлөрү өрчүгөн. Инновациялык түлөргө Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын кошууга болот — бул өз резиденттери болуп эсептелген юридикалык жана физикалык тараптар үчүн Жогорку технологиялар паркы тартибиндеги аймак. Ал МТ-ишкердигин ийгиликтүү өнүктүрүүгө өбөлгө кылат. Бирок көпчүлүк учурда — бул үстөк нарк тизмегин калыптандыруучу ишканалар менен жеке ишкерлерден аймактык кластерлерди түзүү боюнча демилгелер.

Кластер түзүү варианттары 

Кластер түзүүнүн негизги үч вариантын бөлүп карашат. Биринчиси — бул чарба жүргүзүүчү субъектилер өзүлөрү демилге көтөргөндөгү вариант, мында кластер алардын күч-аракеттеринин натыйжасында пайда болот. Бул кластердин атаандаштык артыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн эң мыкты вариант. Кластер түзүү боюнча чет элдик практикада бул вариантты «төмөндөн жогору» деп аташат. Бирок мындай жол дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Ал ишке ашпай калышы ыктымал, себеби кластерди түзүү боюнча иш-аракет белгилүү бир убакытьы, акча сарптоону, квалификациялуу адистерди тартууну талап кылат. Бул дайыма эле оңой боло бербейт.

Кластер түзүүнүн экинчи варианты мамлекеттик бийлик органдарынын экономикалык максаттуу саясатынын жардамы менен ишке ашырылат. Мисалы, бул аймактык саясаттын алкагында жүрүшү мүмкүн. Мындай вариант «жогоруан төмөндү карай» деп аталат. Ал түрдүү булактардан сырткы ресурстарды тартууга мүмкүндүк берет. Бирок мамилекеттин катышуусу кайсы бир кошумча талаптар менен шартталышы ыктымал, мисалы, кластердин катышуучулары үчүн анча ылайык келбеген тиги же бул социалдык маселени чечүү шарты коюлушу мүмкүн.

Акырында, жогоруда аталган эки вариантты тең өзүнө айкаштырган «аралаш» варианты бар.

Россияда ар бир үчүнчү кластер түзүү демилгеси аймактык бийлик органдарынан кластер түзүү практикасын баалоо болгондугун көрсөттү (33% кластер). Көп учурда чечимди бийлик органдары менен ишкердик биргелешип кабыл алат (51%). Жана ар бир алтынчы кластер гана мамлекеттин катышуусу жок жеке демилге менен түзүлгөн (16%)[1].

[1] Костенко О. В. Экономикалык кластерди башкаруу тутумунун түзүү боюнча Россиянын тажрыйбасы/ Вятск мамлекеттик айыл чарба академиясы. — Киров ш., Россия Федерациясы