Кластер түзүү баскычтары

Кластер түзүү боюнча дүйнөлүк тажрыйба өтө чоң жана аларды түзүү боюнча көп сандагы түрдүү окуу куралдары бар. Кыргыз Республикасында «Аймактарды кластердик өнүтүрүүнүн усулдук негиздери» документи кабыл алынып, ал өзүнө кластердик демилгелерди ишке ашыруунун негизги багыттарын камтыйт.

Баскычтардын саны жана мазмуну түрдүү окуу куралдарда айырмаланышы мүмкүн, бирок алардын маңызы дээрлик бирдей. Төмөндө түрдүү практикалар жалпыланып берилет.

 

1-баскыч. Кластерди демилгелөө

Алгач демилгеи топ түзүлүп, ага 3-10 адамды киргизүү сунушталат. Демилгечи топту түзүү — бул жөн гана расмий процесс эмес, эң демилгелүү, квалификациялуу, ишеничке ээ адамдарды табуу зарыл. Эгер бул ишкерлердин, мамлекеттик же аймактык бийлик органдарынын биргелешкен демилгеси болсо, анда бардык тараптардын өкүлдөрү демилгечи топко тендештик негизде кире алат.

Кластердин максаттары, милдеттери, контуру боюнча баштапкы макулдашууга жетишкенден кийин «кластердик демилге түзүлөт». Эгер бул жетишерлик көлөмдөгү долбоор болсо, ал аймактык же улуттук деңгээлдеги административдик, каржылык жана, мүмкүн, саясий колдоого муктаж болот. Мындай колодоосуз бул долбоор жөн гана ишке ашпай калышы ыктымал.

Демилгечи топ кластердик демилгени ишке ашыруу боюнча иш чараларды долбоорлойт жана кластер түзүүгө кызыккан ишканалар менен жеке ишкерлерди аныктоо менен алектенет.

 

2-баскыч. Кластердин ишин диагностикалоо жана схемасын долбоорлоо

Кластерду «куру» жерде түзүү татаал. Белгилүү бир алдын ала шарттар болушу керек. Эң олуттууларына төмөнкүлөр кирет.

Биринчи. Кластердин чектелүү жерде жайгашкан болочок катышуучуларынын болушу, болгондо да, алардын саны «зарыл өлчөмгө» жакын (башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы боюнча — жок дегенде, 30-50 ишкана).

Кластер түзүүгө тандалган жерде кластердин өнүгүү идеясы ишке ашуусуна негиз боло ала турган айрым фрагменттер, белгилер, ишканалар болушу маанилүү.

Бул жерде сандан тышкары, иш-аракет чөйрөсүнүн жалпылыгы, о. э. алардын байланыштуулук деңгээли — чарбалык аракет жүргүзүүдө алардын ортосундагы соода-сатык интенсивдүүлүгү, көлөмү маанилүү. Азыркы кезде Япониядагы дүйнө жүзүнө белгилүү электрондук машина куруу кластерлери, Италиядагы бут кийим, Португалиядагы шарап чыгаруучу, Финляндияда жыгач иштетүүчү кластерлер ж. б. дал ушундай пайда болгон.

Экинчи. Өндүрүш үчүн негизги табигый ресурстардын болушу жана аймактын тармактык айкын адистешилген болушу. Аймактын жайгашуусу жана адистелиши, өндүрүш деңгээли ж. б. бааланат. Аймактын адистелиши канчалык айкын болсо жана ал үчүн ресурстар канчалык болсо, кластер түзүүгө шарттар ошончолук көп болот.

Үчүнчү. Каржылоону, байланышты, инновацияларды ж. б. камсыз кылуу үчүн каржылык жана рыноктук инфраструктуранын, б. а. банктардын, консалтинг компанияларынын, технопарктардын ж. б. болушу.

Төртүнчү. Кластердин өнүгүшүн мамлекеттик жана аймактык бийлик органдарынын колдоосу. Бул мыйзамдар, институциялык жол-жоболор, программалык документтер, башкаруу сапаты.

Кластерди түзүү үчүн алдын ала шарттар болсо, кластер кандай боло тургандыгы аныкталат. Долбоорлоо натыйжалары кластердин функциялык түзүмүндө чагылдырылып, ал кластердин башкы звенолору менен негизги катышуучуларын (иш-аракет түрү боюнча), башкы өнөктөштөрүн, негизги контрагенттерин, алардын өз ара аракеттерин камтыйт.

Кластердин өзөгү болуп үстөк нарк тизмеги менен байланышкан жана кластердин негизги өндүрүмүн чыгаруучу ишканалардын топтому эсептелет. Кластер түрдүү рыноктордо жөнгө салынган байланыштарга — соода тармактарына, ири рынокторго, өндүрүмдү экспорттоочуларга ээ.

Эреже катары, кластерде ири ишкана — бүтүндөй тутумдун узак мөөнөттүү чарбалык, инновациялык жана башка стратегиясын аныктай турган лидер («якорлук» ишкана) бар. Ал нарк тизмегинде башкы өндүрүштүк жана интеграциялоочу милдетти аткарат.

Дегинкиси, улуттук жана эл аралык масштабда өнүккөн кластерлерде мындай бир нече ишкана — дүйнөлүк рынокто атаандаша ала турган жана өзүнүн оң таасирин жакынкы чөйрөсүнө гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн экономикасына да тийгизген кубаттуу компаниялар болушу мүмкүн.

Андан тыгкары, кластердин курамына башка катышуучулар кирет. Алар кластер үчүн негизги болуп эсептелген өндүрүмдү чыгарууга же кызматты көрсөтүүгө ар ким өз адистиги боюнча катыша турган ишканалар, жеке ишкерлер.

Кластердин катышуучуларын шарттуу түрдө профилдик — бул кластердин башкы өндүрүмүн чыгаруу менен түз байланышкан ишканалар, жана профилдик эмес — мындай түз байланышы жок ишканалар деп бөлүүгө болот. Мисалы, бул каржы уюмдары, унаа компаниялары ж. б.

2-сүрөттө мисал катары сүт кластеринин Кыргызстанга карата функционалдуу схемасы (үлгүсу) келтирилген. Схемада кластердин катышуучулары — бул сүт өндүрүүчүлөр (чийки затты өндүрүү звеносу), сүт жыйноочулар (чийки затты жеткирүү звеносу), жыйналган сүттү кайра иштетип жана даяр өндүрүмдү сатыкка чыгаруучу ишкана (акыркы өндүрүмдү чыгаруу звеносу — «якордук» ишкана). Бул схемада катышуучулардын катарына кластердин катышуучуларын насыялоочу каржылык уюм да кошулган.

Кластердин негизги өндүрүмүн чыгарууну камсыз кылуу үчүн товарлар менен кызматтарды сатуучукөрсөтүүчү түрдүү компаниялар кластерди курчап турат. Аларды да шарттуу түрдө эки топко бөлүүгө болот. Мисалы, кластерге катышуучулардын өндүрүш аракеттеринин үзгүлтүксүздүгү жана туруктуулугу көз каранды болгон товарлар менен кызматтарды сатуучулардыкөрсөтүүчүлөрдү өзүнчө топко киргизүүгө болот (2-сүрөттө — бул Башкы өнөктөштөр). Кластер алар менен өзгөчө мамиле кура алат же алардын кимдир бирөө да кластердин катышуучусу боло алат. О.э. кластер көз каранлы болбогон, бирок иш-аракеттери кластер үчүн өтө маанилүү болгон компаниялар да бар. Мисалы, бул унаа ишканалары, лабораториялар ж. б. (2-сүрөттө — бул Башка контрагенттер).

Регулирование и поддержка кластеров в Кыргыз Республикасында кластерлерди жөнгө салуу жана колдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Экономика министрлиги жана профилдик министрликтер тарабынан мыйзамдарды, программалык документтерди кабыл алуу, иш-аракеттер планын ишке ашыруу аркылуу жүргүзүлөт.

2-сүрөт. Сүт кластеринин функционалдык схемасы

 

Кыргызстанда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана башка бир катар каржылык жана консультациялык компаниялардын, Экономика жана айыл чарба министрликтеринин демилгеси менен Меморандумга кол коюлуп, анын алкагында кол коюучулар өз мандаттарынын чегинде кластерлерге колдоо көрсөтүүгө милдеттенишкен.

3-баскыч. Кластердин катышуучулары жана мүмкүнчүлүктөрдү сапаттык баалоо

Кластерди түзүү көп сандагы чарбалык субъектилер — кластердин болочок катышуучулары кенен тартылган процесс болуп эсептелет. Процесстин «кыймылдаткычы» — демилгечи топ. Кластерди түзүү үчүн фасилитатор да — кластерди түзүү иш билгилигине ээ адис зарыл.

Аз ара аракет кластерге кире алышы мүмкүн болгондор менен жүргүзүлөт. Кластерге болочокто катыша ала тургандар, бир технологиялык процесске бириккендерди аныктоо зарыл. Сан жагынан «зарыл массага» жакын болгон катышуучулардын курамын түзүү керек, алар өндүрүштүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кыла алат, кластерде өндүрүш үчүн зарыл болгон бардык звенолор болот.

Эмне бар жана натыйжада эмне боло тургандыгына сан жагынан болжолдуу талдоо зарыл. Б.а. кластерге кирүү ниетин билдирген тараптардын колдо бар жалпы өндүрүштүк дараметине, негизги өндүрүм боюнча кластердин келечектеги өндүрүмдүүлүк мүмкүнчүлүгүнө болжолдуу баа берүү керек.

Кыйла кенен баалоолордо кластердин техникалык-экономикалык негизи иштелип чыгат. Бирок бул бир топ татаал жана чыгымдуу келет, бул жерде ушундайды иштеп чыгууга адистешилген компаниялардын катышуусу талап кылынат.

Сандык талдоодон алынган маалыматтар кластердин функционалдуу схемасы менен катар түзүлүп жаткан кластер туурасында — кластер кандай иштей тургандыгы, эмнеге умтулары туурасында жетиштүү түшүнүк берет. Бул маалымат кластердин болочок катышуучуларына маалымат берип жана аларды тартуу үчүн колдонулат.

4-баскыч. Кластерди түзүү, башкаруу органдарын түптөө, стратегиясын жана планын кабыл алуу

Дүйнөлүк практикага ылайык, бардык эле кластерлер атайын башкаруу тутумун түзүү жана өз катышуучуларынын расмий мүчөлүгүн киргизүү максатка ылайык деп эсептебейт. Бирок атайын башкаруу органы болгон учурда кластер кыйла ийгиликтүү өнүгө тургандыгы жалпы таанылган.

Кыргызстанда кластердин уюштуруучулук-укуктук түрүнө карата мыйзам талабы жок. Кызматташуунун эң ыңгайлуу жолу болуп юридикалык тарапты түзүүсүз кластердин катышуучуларынын ортосунда жөнөкөй жолдошчулук келишимин (биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишим) түзүү эсептелет.

Кыргызстанда кластердин иш-аракети төмөнкү документтерге негизделиши мүмкүн: кластер түзүү жөнүндө келишим (биргелешкен иш-аракет жөнүндө — жөнөеөй жолдошчулук); кластер жөнүндө жобо жана анын иштөө эрежелери; кластерге кирүү жөнүндө келишим (кластержин ар бир катышуучучу кол коёт).

Кластердин катышуучуларынын жалпы жыйыны — бул кластердин өнүгүү максаттарын, милдеттерин аныктап жана иш-аракеттерин баалоочу жамааттык орган. Аткаруучу органдын милдетин туруктуу иштөөчү кластердик менеджмент аткарат. Ал кластердин мүчөлөрүнөн шайланат же башкаруучу компания менен келишим түзүлүшү мүмкүн.

 

3-сүрөт. Кластерин уюштуруучулук түзүмү

Кластердик менеджмент кластердин ичиндеги өз ара аракеттешүүнү, ишенич мамилелерин курууну, кызматташуу менен технологиялык трансферди көбөйтүүнү, инновацияларга түрткү бере турган эң маанилүү кластердик долбоорлор иштелип чыгышын жөндөщтүрүүнү жана колдоону (биринчи кезекте, каржылоону тартууну) камсыз кылат. Анын ишинде колдоо көрсөтө турган институттардын катышуусу ишти каржылоо жана клатсердик менеджмент иш-чараларын жүргүзүүдө жардам алуу маселелерин чечүүгө көмөк кылат.

Кластердик менеджмент жалпы жыйын кабыл алган стратегиянын аткарылышын ишке ашырат.

5-баскыч. Кластерди баалоо жана мониторинг

Кластердик менеджменттин иши кластердин стратегиясын жана иш-чаралар планын аткарууга багытталышы керек. Бул документтер иш натыйжалуулугунун жана таасирдүүлүгүнүн тийиштүү көрсөткүчтөрүн камтышы керек:

  • өндүрүштүн жана сатуунун жалпы көлөмдөрүнүн өсүшү, өндүрүш кубаттуулугунун өсүшү, кластердин өз алдынча ири долбоорлорун ишке ашыруу;
  • кластердин атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу;
  • кластердин өндүрүмүнүн сырткы жана ички рыноктордо үлүшүн жогорулатуу;
  • кызматташуу тармактарын бекемдөө.

Мониторинг жана баалоо кластердин өрчүү динамикасын, анын стратегияга шайкеш келишин түшүнүү үчүн жүргүзүлөт.

Акыркысы жана эң маанилүүсү. Толук кандуу кластерди түзүүгө 1жылдан 3 жылга чейин убакыт талап кылынышы ыктымал. Ошондуктан аны түзүү процесси аралыктык баскычтардан турат, аларды аткарып жана белгиленген чектерге жетүү менен өнүккөн кластердин абалына келүүгө болот. Алсак, үстөк нарктын жакшы уюшулган тизмеги калыптанышын натыйжалуу кластерди түзүүгө карай андан ары жылууга мүмкүндүк берүүчү аралыктык натыйжа катары кароого болот.