Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иш-аракети көрсөткөн социалдык-экономикалык таасирди баалоо. 2019-жыл жыйынтыгы

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иш-аракетинин социалдык-экономикалык натыйжалуулугун баалоо түз каржылоо  программасы боюнча да, чакан жана орто ишкердикти каржылоо программасы боюнча да долбоорлорду ишке ашыруу натыйжаларынын көрсөткүчтөрүн өзгөрүш динамикасы жагынан талдоону алдын ала карайт.

Фонддун иш натыйжалары коомдун түрдүү жактарына таасир клат. Экономикалык таасири Фонддун иш натыйжаларынын макроиндикаторлорго таасирин, анын ичинде республиканын тышкы экономикалык ишмердигине таасирин чагылдырат. Экономикалык таасирдин бир бөлүгүн бюджеттин абалына долбоорлордун таасирин мүнөздөөчү бюджеттик таасир – салыктык келип түшүүлөр түзөт. Фонддун ишинин социалдык таасирин анын иш менен камсыздоого таасири чагылдырат. Аталган таасирлердин ар бири белгилүү бир максаттык топтун кызыкчылыгын, РКӨФтин иш таасиринин көлөмүн көрсөтө алат.

Фонддун ишинин социалдык-экономикалык таасиринин анык көрсөткүчтөрүн баалоо долбоорлорду ишке ашырууга байкоонун натыйжалары боюнча Фонддон алынган баштапкы маалыматтын негизинде жүргүзүлөт.

Фонд Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө таасир кылуучу натыйжалуу институт болуп эсептелет.

РКӨФ каржылоочу долбоорлор төмөнкүлөргө көмөк болот:

  • инфраструктуралык өнүгүүгө,
  • экономиканы модернизациялоого жана диверсификациялоого,
  • социалдык-экономикалык олуттуу таасирге ээ.

Өз инвестициялары менен Фонд төмөнкүлөргө түрткү берет:

  • жалпы кирешенин көбөйүшүнө,
  • иш менен камсыздуулукка,
  • салык чегеримдеринин өсүшүнө,
  • соода агымдарына,
  • кошумча өндүрүм чыгарууга,
  • республиканын экономикасында мультипликативдүү натыйжага.

 

2015-2019-жылдары жалпы суммасы 379,4 млн. АКШ долларлык 2351 долбоор жактырылган (2019-жылдын 31-декабрына карата).

Анын ичинде РКӨФ түз каржылоо боюнча 202,12 млн АКШ долларына жана «Чакан жана орто ишкердик субъектилерин насыялоо» программасы боюнча коммерциялык банктар менен микро-каржылык уюмдар аркылуу 177,27 млн АКШ долларына долбоорлорду каржылоону жактырган.

РКӨФ агроөнөр жай комплексин, айыл чарба инфраструктурасынын өндүрүшүн жана кайра иштетүүнү, өндүрүш тармагын, унаа жана инфраструктура тармактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду каржылоого артыкчылыктуу көңүл бурат.

 

РКӨФтен каржы алган ишканалар менен жеке ишкерлердин жалпы тапкан пайдасы 2019-жыл жыйынтыгы боюнча 51,2 млрд сомду (ИДӨгө карата 8,7 пайызды) түзгөн.

РКӨФтен каржы алган ишканалар менен жеке ишкерлердин тапкан пайдасы 132 млн АКШ долларына өскөн. Түз каржылоо боюнча да, ЧОИ программасы боюнча да жалпы кирешенин өсүш тездиги 18,1 пайызды түздү. ЧОИ программасы боюнча насыя алуучулар рентабелдүүлүктүн кыйла жогору өсүш тездигин көрсөтүүдө (жыл жыйынтыгы боюнча кирешенин өсүш тездиги 25 пайызды түздү).

Жалпы салыктык чегерүүлөр 5,4 млрд сомду же республиканын мамлекеттик бюджетине түшкөн бардык салыктын 4,5 пайызын түздү. Салыктык чегерүүлөр 21,0 пайызга өсүп, бул өндүрүштүн кеңейиши, ага жараша, иш менен камсыз болгондордун көбөйүшү менен байланышкан. Салыктык чегерүүлөрдүн көлөмү 13,5 млн АКШ долларына өстү.

РКӨФтен каржылоо алган ишканалар менен жеке ишкерлердин Россия Федерациясына экспортунун көлөмү 2019-жыл жыйынтыгы боюнча 34 пайыз, ЕАЭБ өлкөлөрүнө 8 пайыз өскөн.

Россия Федерациясына экспортунун көлөмү 2019-жыл жыйынтыгы боюнча нарк жагынан алганда 38 млн доллар, ЕАЭБ өлкөлөрүнө 28,5 млн АКШ долларын жана үчүнчү өлкөлөргө  91 млн АКШ долларын түздү.

РКӨФтен каржылоо алган ишканалар менен жеке ишкерлер 134,3 млн АКШ долларына жабдууларды сатып алышты, анын ичинде:

  • Россия Федерациясынан – 26 млн АКШ долларына,
  • ички рыноктон сатып алуулар – 26 млн АКШ долларына,
  • ЕАЭБден – 8 млн АКШ долларына
  • үчүнчү өлкөлөрдөн – 74 млн АКШ долларына.

Негизги каражаттарды сатып алуулардын жалпы суммасы Кыргыз Республикасынын бардык каржылоо булактарынын эсебинен негизги капиталга салынган инвестициялардын (капиталдык салымдардын) 5,8%ын түзөт.

Чийки заттар менен материалдарды сатып алуунун жалпы көлөмү 216,8 млн АКШ долларын түздү, анын ичинде:

  • бардык сатып алуулардын 28,3 пайызы РФтен
  • бардык сатып алуулардын 14,6 пайызы –ЕАЭБ өлкөлөрүнөн
  • бардык сатып алуулардын 12,2 пайызы үчүнчү өлкөлөрдөн.

Демек, бардык сатып алуулардын дээрлик 45 пайызы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын рыногундагы ишмердиктин эң олуттуу социалдык таасир-натыйжасы болуп иш орундарын түзүү эсептелет.

Жаңы түзүлгөн иш орундарынын саны 2019-жыл жыйынтыгы боюнча 3,4 миң адамды түздү, алардын ичинен 748и – аялдар.

Долбоорлорду ишке ашыргандан кийин кыйыр камсыз кылынган иш орундарынын саны 56,8 миң болду.